Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 13-декабры № 2/4
Баш-Булак айыл өкмөтүндөгү кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерине торуктар аркылуу ижарага берүү боюнча жана баштапкы бааларын кароо жөнүндө
Баш-Булак айыл өкмөтүндөгү кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерине торуктар аркылуу ижарага берүү үчүн баштапкы бааларын кароо боюнча айыл өкмөтүнүн жер адистеринин сунуштарын карап жана талкуулап Баш-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл өкмөтүндөгү кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерине торуктар аркылуу ижарага берүү үчүн жердин түрү боюнча төмөндөгүдөй баштапкы баалар бекитилсин.
- Суулуу айдоо жерге 12 000 сом
- Кайрак айдоо жерге 1 200 сом
- Чөп чабык жерге 1 600 сом
- Бак дарактарга 5 000 сом
- Айыл чарбасына жараксыз жерлерге 5 000 сом
Ал эми лоттун арымы 10% тен 20% ке чейин болсун.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Бакиров |