Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 13-декабры № 2/6
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 18-декабрындагы №01-4/42 сандуу чыгыш каттын негизинде аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө
Кенештин жооптуу катчысы А.Чийированын райондук аймактык шайлоо комиссиясынан келген 2024-жылдын 18-декабрындагы №01-4/42 сандуу чыгыш каты менен жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 11-декабрындагы №02-2-15/1621 сандуу чыгыш каты менен тааныштырып аймактык шайлоо комиссияларында резервдерин толуктоо боюнча сунушталган жарандарды тааныштыргандан кийин, депутаттар кеңири талкуулап айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, аймактык шайлоо комиссияларынын Резервдеринин курамына Мойдунов Талипжан Келдибаевич жана Марзабаев Адылет Токтомамамтовичтер бекитилсин.
2. Ушул токтом Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чындоо, кенештин иши, депутаттык этика, коомдук уюмдар боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Бакиров |