Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 13-декабры № 2/8
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин ижарага берүү үчүн торуктарды өткөрүү боюнча комиссиясынын курамын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы 243-токтомуна ылайык Баш-Булак айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин ижарага берүү үчүн торуктарды өткөрүү боюнча комиссиясынын курамын карап жана талкуулап Баш-Булак айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Баш-Булак айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин ижарага берүү жана сатуу үчүн торуктарды өткөрүү боюнча төмөндөгүдөй комиссия курамы бекитилсин.
1. Казаков Нурлан - комиссиянын төрагасы,айылдык кеӊештин депутаты;
2. Бекмуратов Нурбек - комиссиянын катчысы, айыл өкмөт башчысынын орун
басары-жооптуу катчы;
3. Эрмаматов Ислам - комиссиянын мүчөсү, айыл өкмөт башчысы;
4. Жолдошев Рустам - комиссиянын мүчөсү, айыл өкмөттүн жер адиси;
5. Арзыбай у Майрамбек - комиссиянын мүчөсү, айылдык кеӊештин депутаты;
6. Орунбаев Акыл - комиссиянын мүчөсү, айылдык кеӊештин депутаты;
7. Жоробаев Улук - комиссиянын мүчөсү, айыл өкмөттүн жер адиси;
8. Каныбек у Исламбек - комиссиянын мүчөсү, Баш-Булак МИнын жетекчиси;
9. Парпиев Ракпар - комиссиянын мүчөсү, аксакалдар сотунун төрагасы;
10. Сайдаматов Бектемир - комиссиянын мүчөсү, айыл өкмөттүн жер адиси;
11. Кара-Суу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү;(макулдашуу менен)
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Бакиров |