Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 24-январы № 3/1
Баш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Баш-Булак айылында жайгашкан жеке менчик 1590 чарчы метр жер тилкесинин багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу филиалы мамлекеттик мекемеси тарабынан 2010-жыл 25-ноябрындагы серия Ч №277752 сандуу мамлекеттик актынын, Кара-Суу райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын 2024-жылдын 10-сентябрындагы №73/24 архитектуралык шаар куруу кенешинин корутундусунун негизинде Баш-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Баш-Булак айылында жайгашкан жеке менчиктеги 1590 чарчы метр болгон жер аянтынын максаттык багыты өзгөртүлүп “коммерциялык” багыттан “турак жай” багытка өзгөртүлсүн.
2.Жер участогуна болгон укугун каттап, укугун күбөлөндүрүүчү документтерди берүү жагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу филиалы мамлекеттик мекемесинин суралсын.
3.Курулушка уруксат берилип, тийиштүү документтерди даярдоо жагы Кара-Суу райондук архитектура жана шаар курулушу башкармалыгынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: |
| А.Бакиров |