Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 24-январы № 3/2
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетин кабыл алуу боюнча айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы – К.Кайназарованын докладын угуп жана аны талкуулап чыгып, сүйлөгөн депутаттардын сын-пикирлерин угуп, Баш-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгү 30962,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2025-жылга штаты жалпы 11 штаттык бирдик менен, келишимдик негизде 6 кызматкер, 9 айыл башчы, кенже тейлөөдөгү кызматкерлер 4 штаттык бирдик менен бекитилсин.
3. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн 2025-жылга атайын каражат боюнча 10800,0 миң сом өлчөмүндө киреше жана чыгаша бөлүгү бекитилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышын көзөмөлдөп, аны статьялар боюнча мыйзам чегинде сарпталуусун камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн жана 2025-жылга карата Баш-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүктөрүнүн статьялар боюнча өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго уруксат берилсин.
5. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылга резервдик фонду 400,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн 2026-жылга болжолдуу бюджетинин киреше бөлүгү 34054,3 мин сом, 2027-жылга болжолдуу бюджетинин киреше бөлүгү 35934,3 мин сом өлчөмүндө жактырылсын.
7. 2025-жылга карата Баш-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүн мыйзам чегинде сарпталуусун көзөмөлдөө жагы Баш-Булак айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| А.Бакиров |