Редакцияот 24.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы

 

2025-жылдын 24-январы № 3/3

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана айылдык кеңешинин ардак грамотасына сунуштоо жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 40-беренесине ылайык Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ

1. Баш-Булак айылдык кеңешинин (үчүнчү жолку) депутаты Малабеков Мелис Абдисаламович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ардак грамотасына сунушталсын.

2. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн жетинчи чакырылышынын экс-депутаттары Жунусов Элдияр Эсенаалыевич, Ураимов Бектур Юлдашевич, Абсаламов Кыялбек Абдураимович Баш-Булак айылдык кеңешинин ардак грамотасына сунушталсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияна тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 

А.Бакиров