Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 24-январы № 3/4
Баш-Булак айыл аймагынын “Баш-Булак” МИнын 2025-жылга иш планы жана жайыт пайдалануучуларга жайыттын тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 сандуу “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамынын 6-7-беренелерине ылайык, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин отчеттук чогулушунун протоколуна ылайык, Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Баш-Булак айыл аймагынын “Баш-Булак” МИнын 2025- жылга түзүлгөн иш планы бекитилсин. (иш план тиркелет)
2. “Баш-Булак” МИнын сунушунун негизинде малдан алынуучу жайыт акы жана төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
Айыл аймагынын тургундарынын Четтен келген мал, кой, жылкылар үчүн мал, кой, жылкылары үчүн
1. Бир баш малга - 250 сом Бир баш малга - 500 сом
2. Бир баш кой-эчкиге - 50 сом Бир баш кой-эчкиге - 100 сом
3. Бир баш жылкыга - 300 сом Бир баш жылкыга – 500 сом
4. Жайыттарга мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдаланууга төмөндөгүдөй баа белгиленсин.
1. Маданий ден соолукту чыңдоочу туристтик иш чаралар үчүн 1га жер үчүн 30000 сом;
2. Табигый тоют даярдоо үчүн 1га жер үчүн 1600 сом;
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: |
| А.Бакиров |
Баш-Булак айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-январындагы III сессиясынын № 3/4 токтому менен “Баш-Булак” МИнын 2025-жылдын иш планы бекитилди.
Баш-Булак айыл аймагынын алдында түзүлгөн “Баш-Булак” МИнын 2025-жылга карата
ИШ ПЛАНЫ
№ |
Аткарылуучу иштер |
Кимдер аткарат |
Мөөнөтү |
1 | Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жылдык чогулушун өткөрүү жана бюджетти айылдык кенештин сессиясында бекитүү | ЖК мүчөлөрү | Январь, февраль |
2 | Айыл аймактагы ар бир айылдар боюнча жайыт пайдалануучулардын тизмесин тактоо | ЖК мүчөлөрү | 1-апрелге чейин |
3 | Жайыт пайдалануучулар үчүн жайыт билеттерин иштеп чыгуу жана ветеринардык врач менен биргеликте малдардын эмдөөсүнө көзөмөл жүргүзүү | Жайыт комитети Ветврач |
15-апрелге чейин |
4 | Малдын тоютка болгон керектөөсүн эсептөө жана жайыттардын сыйымдуулугун аныктоо | ЖК мүчөлөрү | 15-апрелге чейин |
5 | Ортонку жана алыскы жайыттарга көчүү учурундагы өтмө жолдордун маршруттарын түзүү жана көчүрүүнүн календарлык планын түзүү | ЖК мүчөлөрү | 1-апрелге чейин |
6 | Жайыт пайдалангандыгы учун акы төлөөнүн графигин түзүү жана топтоо | Жайыт комитети | Жыл ичинде |
7 | Фокстук топторду түзүү жана алардын натыйжалары менен бирге жайытты жакшыртуудагы муктаждыктарды аныктоо | ЖК мүчөлөрү | 1 апрелге чейин |
8 | Жайыттарга биргелешкен мониторинг жана баа берүүнү жүргүзүү | ЖК мүчөлөрү | 1-ноябрга чейин |
9 | Жайыт абалын жакшыртуу боюнча иш чараларды жургүзүү | Жайыт комитети | 1-ноябрга чейин |
10 | Жайыт инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш чараларды аткаруу | Жайыт комитети | 1-ноябрга чейин |
11 | Жайыт пайдалануучулар менен келишимдерди тузуу жана жайыт билеттерди берүү | Жайыт комитети | 1 апрелге чейин |
12 | Жайыттарга малдардын жайланышын жана туура пайдаланышы боюнча көзөмөл жүргүзүү жана туура эмес пайдалангандарга тиешелуу иш чараларды көрүү | Жайыт комитети | Жыл ичинде |