Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 28-февралы №4/1
Баш-Кайыңды айыл аймагында мүлккө болгон салыктын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379,380 беренелерине өзгөртүү киргендигине байланыштуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше булагын толтуруу максатында Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IV сессиясы токтом кылат :
1. Баш-Кайыңды айыл аймагында мулк салыгынын (турак имараттар жана жайлар үчүн) өлчөмү 1 чарчы метр үчүн 40 (кырк) сом өлчөмүндө бекитилсин .
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулуна тапшырылсын.
3. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бокоев |