Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 24-январы № 3/7
«Кара-Суу 11-90» муниципалдык ишканасын түзүүгө тең уюштуруучу болууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген «Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айылдык кеңеши «Кара-Суу 11-90» муниципалдык ишканасын түзүүгө тең уюштуруучу болуп катышууга макулдук берилсин.
2. «Кара-Суу 11-90» муниципалдык ишканасынын баштапкы уставдык капиталын түзүүгө жергиликтүү бюджеттеги 2025-жылдын башына калган бош акча каражатынын эсебинен 300 (үч жүз) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын Баш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ж.Эрмаматовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иштер жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Бакиров |