Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 24-январы № 3/10
Финансы Министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын №24-2-1213827 2024-жылдын 27-декабрындагы катынын негизинде мүлк салыгынын I группа (жашаган үйгө төлөнүүчү салык) боюнча салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу ставканы бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын №24-2-1213827 2024-жылдын 27-декабрындагы катынын негизинде мүлк салыгынын I группа (жашаган үйгө төлөнүүчү салык) боюнча салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу ставканы бекитип берүү боюнча Баш-Булак айыл өкмөтүнүн башкы салыкчысы Д.Кабыловдун билдирүүсүнө жана Баш-Булак айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иштер жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Салык Мыйзамдарынын негизинде турак жай мүлк салыгын эсептөө жүргүзүү 25,16 сом болуп бекитилсин.
2. Бул токтом каттоого алынып, бул токтомдун аткарылышын Баш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары – жооптуу катчысы Н.Бекмуратовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иштер жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Бакиров |