Редакцияот 28.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Ала-Бука айылдык кеңешинин II чакырылышынын

кезектеги VIII сессиясынын

 

  2025-жылынын  28-майы  №8/5

 

« Өрүктү айылындагы Сенобаза участогунун аталышын өзгөртүү жөнүндө.»

 

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген Мамлекеттик маанидеги обьекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу жобосуна ылайык айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 22-май 2025-жылы чыгарган корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин II чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Өрүктү айылындагы Сенобаза участогунун аталышы өзгөртүлүп, Осмоналиев Маатбектин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.

 

2. Аталган көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жерлеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык, көчөдөгү турак үйлөрдүн катар сандары такталып, тактайчалары (табличка) белгиленсин.

 

3. Көчөнүн катар сандарын тактап, мамлекеттик каттоодон өткөрүү Кыргыз Республикасынын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ала-Бука филиалынын адистеринин катышуусу менен жүргүзүлсүн.

 

4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социялдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына айыл өкмөтунун жетекчилигине жүктөлсүн.

 

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

 

 

                                       Д.Акпаралыев.