КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 16-апрели № 3008-VII
"2025-жылдын 20-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2025-жылдын 10-апрелиндеги чыг. № 18-3822) "2025-жылдын 20-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Дж.К. Исаева |