Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 31-мартындагы № I/6-28
“Кызыл-Октябрь айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртууга акча каражат бөлүп берүү жөнүндө”
Мамлекеттик сатып алуулар боюнча жетектөөчү адис А.Бейшеналиевдин маалыматын угуп, талкуулап, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын инфраструктурасын жергиликтүү тургундардын социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдөгү артыкчылыктуу деп таанып, ошондой эле көчөлөрдү жарыктандыруу жана асфальттоо системасын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду карап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөт башчысы Н.Сулайманов бул долбоорду ишке ашырууга каржылык каражаттарды таап, бөлүп берүү боюнча чараларды көрүлсүн. Тактап айтканда, көчөлөрдү жарыктандыруу жана асфальттоо системасын өнүктүрүү боюнча программалардын аткарылышын камсыз кылуу, алар кеңеш тарабынан бекитилгенден кийин, көчөлөрдү жарыктандырууну жана асфальттоону долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо боюнча зарыл уюштуруу-укуктук иш-чараларды жүргүзүү, системаны жакшыртууну камсыз кылуу, ошондой эле айыл өкмөттөрүнүн бюджетинин чегинде көчөлөрдү жарыктандыруу, асфальттоо жана ага тиешелүү ишканаларды каржылоо.
2. Айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетинде акча каражаты жетишсиз болсо, Кемин райондук өнүктүрүү фондунан бул долбоорлорду каржылоо жагы суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановко тапшырылсын.
Төрага | А.Карамырзаев |