АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезекcиз IV сессиясынын
2025-жылынын 26-февралы №4/17
«Айры-Там айыл аймагынын жарандарына материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде Айры-Там айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Камчыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен айылдык кенешинин I чакырылышынын 2025-жылдагы кезексиз IV cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ардактуу атуул” наамынын ээси, “Билим берүүнүн мыктысы” агартуу тармагына зор салымын кошкон, Сатимбеков Уметалыга китеп чыгаруу үчүн көмөк көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттен 70 000(жетимиш миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин;
- Совет-Сай айылынын тургуну Кулишева Ашүрбүгө ырлар, аңгемелер жыйнактарын китеп кылып чыгаруу үчүн 30 000(отуз мин) сом акча каражаты ажыратылып берилсин;
- Жогорудагы акча каражатын тиешелүү статьяга жайгаштыруу жана которуп берүү айыл аймактын ФЭБ башчысы К.Жороевага жүктөлсүн;
- Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык Кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Айылдык кеңешинин төрагасы | М.Кулуев. |