Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 28-февралы №4/3
Баш-Кайыңды айыл аймагындагы Баткен,Афган жана Тажик-Афган согуштарынын катышуучуларына жеңилдиктерди берүү жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагындагы Баткен,Афган жана Тажик-Афган согуштарынын катышуучуларынын берген кайрылууларын карап жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IV сессиясы токтом кылат :
1. Баткен,Афган жана Тажик-Афган согуштарынын катышуучуларына таза сууга жана таштанды чыгарууга карата төлөмдөрдөн жеңилдиктер берилсин .
2. Баш-Кайыңды айыл аймагында жашап жаткан 9 үй-бүлө таза сууга жана таштанды чыгарууга карата төлөмдөрдөн бошотулсун.
3. Жалпы жеңилдик берилген 30 600 сом акча каражаты муниципалдык ишкананын бюджетин толуктоо үчүн Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн өздүк фондунан жыл сайын которулуп берилип турулсун ( тизме тиркелет).
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулуна тапшырылсын.
5. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик
укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы
А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бокоев |