Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 31-мартындагы № I/6-29
“Кызыл-Октябрь айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемелесиндеги тарбияланып жаткан балдардын бир айлык ата-энелер төлөчү төлөмүн өзгөртүү жөнүндө”
Кызыл-Октябрь айыл аймагында жайгашкан караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемесиндеги тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашын жакшыртуу максатында жана бүгүнкү күндө тамаш-аш продукциясынын кымбатташына байланыштуу Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы бала-бакчаларынын ата-энелер менен өткөрүлгөн чогулуштун протоколдорун окуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123-мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” 2023-жылдын 11-августундагы №179-мыйзамынын 28-беренесинин 7-пунктуна ылайык, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги тарбияланып жаткан балдардын бир айлык ата-энелер төлөчү төлөмү 1300 сомго бекитилсин.
2. Кызыл-Октябрь айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директорлоруна бир айлык ата-энелер төлөчү төлөмдүн өзгөрүүшү жөнүндө ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановко тапшырылсын.
Төрага | А.Карамырзаев |