Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы
2025-жылдын 26-февралы № 4/19
Жазы айыл аймагындагы турак жай имараттары жана жайлары үчүн ставкаларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 349-беренесине ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 18-февралындагы №01-01-8/193 сунуш катынын жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктун жетекчилигине алып Жазы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жазы айыл аймагында 2025-2027-жылдардын салык мезгилдери үчүн турак жай имараттары жана жайлары үчүн 1 квадрат метр үчүн ставкасы 12 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтомго ылайык иш алып баруу жагы Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жазы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| К.Камчибеков |