Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы
2025-жылдын 26-февралы № 4/20
Жазы айыл аймагындагы Доңуз-Тоо айылын Тогуз-Тоо деп
өзгөртүү жөнүндө
Жазы айыл аймагынын 2025-жылдын 24-февралындагы №66 сунуш каты менен таанышып, Кыргыз Республикасындагы географиялык обьекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө Жобосунун негизинде, Жазы айылдык кеңешинин агрардык жана жер маселелери, архитектура курулуш,транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жазы айыл аймагындагы Доңуз-Тоо айылын Тогуз-Тоо деп өзгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө Жобосунун негизинде тиешелүү документтерди даярдоо Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын агрардык жана жер маселелери, архитектура курулуш,транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| К.Камчибеков |