Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы
2025-жылдын 26-февралы № 4/21
Жазы айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар
бирикмесинин ички жана алыскы тышкы жайыттар үчүн
жайыт акынын төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Жайыт комитетинин Жазы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ички жана алыскы тышкы жайыттар үчүн жайыт акынын төлөмдөрүн бекитип берүү жөнүндө жана агрардык жана жер маселелери, архитектура курулуш,транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын мааалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жазы айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ички жана тышкы жайыттар үчүн жайыт акынын төлөмдөрү төмөндөгүдөй өлчөмдө жүргүзүлсүн:
Жергиликтүү жайыт пайдалануучулар үчүн:
-Кара мал жана топоз(чоң) бир башына-150сом
-Кара мал жана топоз(жаш) бир башына-100 сом
-Кой-эчкинин бир башына – 30 сом
-Жылкы,эшек төөнүн бир башына – 150 сом
Сырттан келген жайыт пайдалануучулар үчүн:
-Кара мал жана топоз(чоң) бир башына-300 сом
-Кара мал жана топоз(жаш) бир башына- 200 сом
-Кой жана эчки бир башына – 60 сом
-Жылкы, эшек жана төөнүн бир башына – 300 сом
2.Жайытты чөп ормо катары иштетүү 1 га жерге 1200 сомдон
-бал челек кармагандарга 0,10 га жерге 1500 сомдон
3.Жазы айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башка максатка (аңчылык жана туризм максатында) пайдаланылган жайыт жерлерине мыйзам чегинде салыктар чегерилсин.
4.Кыргыз Республикасынын Президентинин 06.12.2021-жылдагы №547 жарлыгына ылайык Жазы жайыт комитетинде пайдалануудагы жайыт жерлеринин юридикалык жер салыгы жайыт пайдалануучулардын макулдугу менен жайыт аянттарынын инфраструктурасын жакшыртуу багытына жумшалсын.
5.Токтомдордун аткарылышын камсыз кылуу жагы, Жазы айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Маматалиев Келдибайга милдеттендирилсин.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык жана жер маселелери, архитектура курулуш,транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| К.Камчибеков |