Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы
2025-жылдын 26-февралы № 4/22
Жазы айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жазы айылдык кеңешинин төрагасы К.Камчибековдун агрардык жана жер маселелери, архитектура курулуш,транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын курамынын мүчөсү депутат Эргешов Алтынбектин өзүнүн өтүнүчү боюнча Дене тарбия жана массалык спортту өнүктүрүү маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамына киргизүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап жазы айылдык кеңеши “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жазы айылдык кеңеши төмөндөгү аталыштагы туруктуу комиссияларына өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Агрардык жана жер маселелери, архитектура курулуш,транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын курамы:
1. Исаков Азамат төрага
2. Осмонова Камила
3. Абдразак уулу Жакып
4. Балбыров Эркинбай
5. Сарыев Ислам
6. Маматов Кубаныч
- Дене тарбия жана массалык спортту өнүктүрүү маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамы:
1. Чотобаев Дамир төрага
2. Турдумамбетов Улан
3. Мусурманкулов Улан
4. Нуралиева Самара
5. Эргешов Алтынбек
Төрага |
| К.Камчибеков |