Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы
2025-жылдын 19-марты № 5/23
Калкты социалдык жактан коргоо программасынын аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-августундагы 2018-2028-жылдарга “Үй-бүлөөнү коргоо программасы жөнүндө” №479 токтомун, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы 2019-2030-жылдарга калктын ден-соолугун жана саламаттыгын сактоо системасын өнүктүрүү боюнча “Ден-соолугу чың адам-өнүккөн өлкө” программасы жөнүндөгү №600 токтомун ишке ашыруу боюнча Социалдык маселелер,саламаттыкты сактоо,билим беруу,коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жазы айыл өкмөтүнүн калкты социалдык жактан коргоо программасынын аткарылышы боюнча жүргүзүп жактан иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Социалдык маселелер,саламаттыкты сактоо, билим беруу, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунуштары эске алынсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, билим беруу, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| К.Камчибеков |