Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы
2025-жылдын 19-марты № 5/25
Кызыл-Дыйкан айылындагы балдар бакчасынын кошумча
корпусуна жер участкасын бөлүп берүү жөнүндө
Жазы айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын “Капиталдык салымдар” беренесинин негизинде республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып,долбоордук-сметалык документтери даярдалуучу обьектилердин катарына Жазы айыл өкмөтүнүн Кызыл-дыйкан айылында жаңы курулуучу балдар бакчасы киргизилгендиги жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Дыйкан айылындагы курулуучу балдар бакчасынын кошумча корпусуна жер участкасын Ж.Абдурасулов орто мектебинин ээлеп турган жер аянтынан бөлүп берүү жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык жана жер маселелери, архитектура курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| К.Камчибеков |