Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы
2025-жылдын 19-марты № 5/27
Жазы айыл аймагындагы жардамга муктаж жарандар арыз менен
кайрылганда жылына бир жолу берилүүчү материалдык жардамдын көлөмүн бекитүү жөнүндө
Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын жардамга муктаж жарандар материалдык жардам сурап кайрылгандар көп болуп жаткандыктан категориясына карап берилүүчү материалдык жардамдардын көлөмүн бекитип берүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 1-2-3-топтогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 2000 ( эки миң) сомдон
- Республикалык бюджетке кире элек гемодиализ алып жаткан жарандарга 5000 (беш миң) сомдон
-Боор,бөйрөк алмаштырууга муктаж болгон жарандарга 5000 ( беш миң) сомдон
-Бир үй бүлөөдө бирден ашык ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар болсо,ар бирине 5000 (беш миң) сомдон
-Өтө жакыр үй бүлөөнүн мүчөлөрү каза болгон учурда таазиясына 10000 (он миң) сомдон материалдык жардам көрсөтүлсүн.
2.Токтомдун аткарылышын Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер,саламаттыкты сактоо,билим беруу,коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Камчибеков |