Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы
2025-жылдын 19-марты № 5/30
Жазы айыл аймагынын Жаштар иштери боюнча кеңешинин Жобосун бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Жазы айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Жазы айылдык Жаштар иштери боюнча кеңешинин Жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын регламент, депутаттык этика жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга малымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Камчибеков |
Жазы айыл аймагынын
Жаштар иштери боюнча кеңеши жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Жазы айыл аймагынын алдындагы Жаштар иштери боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) кеңеш берүүчү, коллегиялык жана консультациялык орган болуп эсептелет.
2. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Жазы айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кеңеш Жазы айыл аймагында иштеген ишканалар, уюмдар, мекемелер, Жазы айыл аймагынын жаштарынын кызыкчылыктарына тиешелүү маселелерди чечүү боюнча жаштар менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу максатында түзүлөт.
4. Кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылууну Жазы айыл өкмөтү ишке ашырат.
II. Кеңештин негизги милдеттери жана ишмердигинин багыттары
5. Кеңештин негизги милдеттери жана ишмердигинин багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
5.1. Жазы айыл аймагынын жаштар саясатынын стратегиясы жана артыкчылыктуу багыттары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
5.2. жаштар маселелери боюнча ишканалар, мекемелер жана уюмдар, мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашыруу;
5.3. жаштардын актуалдуу көйгөлөрүн чечүүдө Жазы айыл аймагынын жана башка уюмдардын ишин координациялоо боюнча сунуштарды даярдоо;
5.4. жаштар маселелери боюнча Жазы айыл аймагынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлоруна сунуштарды талдоо жана даярдоо;
5.5. Жазы айыл аймагынын жаштар иши боюнча мамлекеттик жана муниципалдык программаларды ишке ашырууга катышуу;
5.6. жаштарды колдоо жана актуалдуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча Жазы айыл аймагынын жана башка уюмдардын ишин талдоо;
5.7. жаштардын кызыкчылыктарын козгогон социалдык колдоо маселелерин жана башка маселелерди чечүүгө багытталган программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
5.8. Кеңештин иш жүргүзүү чөйрөсүнө тиешелүү илимий изилдөөлөрдү уюштурууга, маалыматтык, методикалык жана башка материалдарды даярдоого катышуу;
5.9. Кеңештин жана аны менен өз ара аракеттенген уюмдардын иши жөнүндө калкка маалымат берүү.
III. Кеңештин жана анын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
6. Аталган милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу максатында Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
6.1. өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматты жана башка документтерди Жазы айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, муниципалдык ишканалардан жана мекемелерден, коомдук жана башка коммерциялык эмес уюмдардан суроого;
6.2. жетекчилер менен макулдашуу боюнча Кеңештин ишин жүргүзүүгө тиешелүү маселелерди иштеп чыгууга Жазы айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин тартууга;
6.3. Кеңештин отурумуна мамлекеттик органдардын, Жазы айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Жазы айыл аймагында иштеген ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жетекчилерин жана өкүлдөрүн чакырууга;
6.4. белгиленген тартипте Жазы айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик бийликтин аймактык органдарына жана коомдук уюмдарга өз ишин жүргүзүү маселелери боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды киргизүүгө;
6.5. Кеңештин ишин жүргүзүүгө тиешелүү маселелер боюнча жарандардын жана уюмдардын сунуштарын карап чыгуу үчүн кабыл алууга;
6.6. Кеңешти отурумуна сунуштарды даярдоо үчүн Кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен комиссияларды жана жумушчу топторду түзүүгө;
6.7. кабыл алынган чечимдер жөнүндө Жазы айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кабарландырууга.
7. Кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
7.1. Кеңеште өз ишин алар өкүлү болгон уюмдардын Уставдарына жана Жоболоруна, ошондой эле ушул Жобого ылайык ишке ашырууга;
7.2. Кеңештин отурумдарына катышууга.
IV. Кеңештин курамы жана иш тартиби
8. Кеңеш төмөнкүлөрдөн турат:
- Жазы айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн;
- жаштар бирикмелеринин жана топторунун өкүлдөрүнөн;
- Жазы айыл аймагындагы ишканалардын жана уюмдардын өкүлдөрүнөн.
Кеңештин курамына кирүү үчүн Жазы айыл аймагынын Айыл өкмөтүнүн башчысынын атына ишкананын, уюмдун, бирикменин жетекчиси тарабынан кол коюлган өтүнүч кат жөнөтүлөт. Кеңештин жеке курамы Жазы айыл аймагынын Айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан бекитилет. Кеңештин курамы Кеңештин төрагасын кошкондо 9 адамдан ашпайт. Андан ары анын курамынан Кеңештин мүчөлөрүн чыгаруунун жана Кеңешке жаңы мүчөрдү кабыл алуунун эсебинен Кеңеш түзүлүшү мүмкүн.
9. Кеңештин төрагасы болуп Жазы айыл аймагынын Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары саналат. Кеңештин катчысы Жазы айыл аймагынын Айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан дайындалат жана Кеңештин мүчөсү болуп эсептелбейт.
10. Кеңештин курамынан чыгаруу Кеңештин төрагасынын буйругу менен төмөнкү негиздер боюнча ишке ашырылат:
- Кеңештин мүчөсүнүн жеке арызы;
- Кеңештин мүчөсүн кайра чакыртып алуу өтүнүч каты;
- Кеңештин мүчөсүнүн Кеңештин отурумдарына жана ишине дайыма катышпоосу;
- өкүл болгон уюмдун курамынан Кеңештин мүчөсүнүн чыгуусу.
11. Кеңеш өз ишин отурум формасында ишке ашырат, ал планга ылайык кварталына кеминде эки жолу өткөрүлөт.
Эгер отурумдун ишине Кеңештин үчтөн бири катышса, аны өткөрүүгө укуктуу деп эсептелет. Кеңештин отурумдары ачык болуп саналат.
12. Кеңештин отурумунун күн тартибин Кеңештин төрагасы жана катчысы жылдык планга жана кошумча маселелерге ылайык түзүшөт. Кеңештин жылдык иш планы ошол жылдын акыркы отурумунда Кеңештин мүчөлөрүнүн сунуштарын эске алуу менен түзүлөт. Кеңештин отурумунда карап чыгууга маселелерди даярдоону катчы, Кеңештин мүчөлөрүнөн түзүлгөн жумушчу топ же комиссия ишке ашырат.
13. Карала турган маселелер боюнча чечим “ооба”, “каршы” же “калыс” деген ачык добуш берүү жолу менен кабыл алынат.
Эгер чечимге катышкандардын кеминде жарымы добуш берсе, ал кабыл алынды деп эсептелет. Добуш берүү тең чыккан учурда Кеңештин төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
14. Кеңештин чечими катчы жүргүзгөн протокол менен таризделет. Протоколго жана Кеңештин чечимине Кеңештин төрагасы жана катчысы кол коёт.
15. Кеңештин чечими сунуш киргизүүчү мүнөзгө ээ жана Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алынча башкаруу органдарынын чечимдерин, ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жетекчилеринин буйруктарын даярдоодо пайдаланылышы мүмкүн.
16. Кеңештин мүчөлөрү анын ишине коомдук башталышта катышышат.
V. Башка жоболор
17. Ушул Жобого толуктоолор жана өзгөртүүлөр Кеңештин мүчөлөрүнүн демилгеси боюнча киргизилет жана Кеңеш жана Жазы айылдык кеңеши тарабынан бекитилет.