Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 24/4
“Манас айыл аймагынын 2023- жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана 2024-жылдын 1-январына калган
калдыкты бекитүү жөнүндө”
Манас айыл аймагынын 2023-жылга кабыл алынган бюджеттин аткарылышы жана 2024 жылдын 1-январына калган 10127,9 миң сом акча каржаты калдыгы боюнча айыл өкмөтүнүн финансы –экономикалык бөлүмүнүн башчысы М.Сайдазимовдун докладын угуп жана аны талкуулап чыгып, сүйлөшкөн депутаттардын сын пикирлерин негизинде 2023-жылда калган калдык акча каражатын бекитүү жөнүндө Манас айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас айыл өкмөтүнүн эсеп счетунда калган 10127,9 миң сом калдык акча айыл өкмөтү тарбынан берилген сметага ылайык максаттуу жумшалсын. 2023-жылда жер салыктары үчүн республикалык бюджеттен жоготууларга берилген акча каражаттары Буйрук №292 22.08.2023-жылда, Буйрук №258 20.09.2023-жылда, Буйрук №244 23.08.2023-жылдагы жоготууларга берилген акча каражаттары кошо бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Манас айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык, соцфонд, аренда акыларын төлөө, инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Манас айылдык кеңешинин төрайымы |
| Х.Ш.Артыкова |