Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 24/8
“Нариман жайыт” муниципалдык ишканасын кайра каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Манас айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Нариман жайыт комитети” фирмалык аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
2. “Нариман жайыт комитети” мекемесин Манас айыл аймагынын “Манас жайыт” мекемесине фирмалык аталышы өзгөрүлсүн жана төмөнкүдөй аталсын.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: Манас айыл аймагынын “Манас жайыт” муниципалдык ишканасы мекемеси.
- Расмий тилде: Учреждение муниципальное предприятие “Манас жайыт”.
Кыскартылган фирмалык аталышы:
3. Манас айыл аймагынын “Манас жайыт” муниципалдык ишканасы мекемесинин Жобосу бекитилсин.
4. Манас айыл аймагынын Манас жайыт муниципалдык ишканасынын мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Кара-Суу району, Манас айылдык аймагы, Нурдар айылы айылы болуп аныкталсын.
5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Манас айылдык кеңешинин төрайымы |
| Х.Ш.Артыкова |