Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2024-жылдын 28-июну № 25/1
Манас айылдык кеңешинин 2022-жылдын 1-ноябрындагы №13/9 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Манас айыл аймагынын Арып жана Зарбдар айылдарынын тургундарынын арыздары, суроо талаптары боюнча билдирүүсүн угуп, талкуулап, кеңири ой пикир сунуштарды эске алып Манас айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нариман айыл аймагындагы Арып жана Зарбдар айылдарына макамын берүү жөнүндөгү Нариман айылдык кеңешинин 2022-жылдын 1-ноябрындагы №13/9 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктундагы “Нариман айыл аймагынын мурдагы Зарбдар айылы, Нурзаман айылы деп аталсын”- деген сөздөр, “Нариман айыл аймагынын мурдагы Зарбдар айылына Нурзаман айылы макамын берүү жагы жогорку органдардан суралсын”-деп өзгөртүлсүн.
- 2-пунктундагы “Арыпжан айылы Арып айылы деп аталсын” –деген сөздөр, “Нариман айыл аймагынын мурдагы Арыпжан айылы макамын берүү жагы жогорку органдардан суралсын”-деп өзгөртүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Манас айылдык кеңешинин төрайымы |
| Х.Ш.Артыкова |