Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2024-жылдын 28-июну № 25/4
“Манас айыл аймагынын Каратай айылы “Үч колот” участогунун жашоочуларын таза-суу менен камсыз кылуу максатында,
аталган айылдын №155 контурунда жайгашкан 0,08 га жер тилкесин мамлекеттик менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын II бөлүмүнүн 32-беренесине ылайык Манас айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас айыл аймагындагы Каратай айылынын “Үч колот” участкасы №155 контурунда жайгашкан 0,08 га жер тилкесине таза-суу скважинасын куруу үчүн мамлекеттик менчикке алууга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Манас айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик, соода байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Манас айылдык кеңешинин төрайымы |
| Х.Ш.Артыкова |