Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2024-жылдын 28-июну № 25/5
“Манас айыл аймагындагы Кызыл-Мээнет айылында жеке үй шартында балдар-бакчасын ачууга макулдук берүү жөнүндө”
Манас айыл аймагындагы Кызыл-мээнет айылынын тургуну Абдрахманова Мадинанын, Кызыл-мээнет айылынын Бегиев көчөсүнүн №4 үйүндө жеке үй шартында балдар бакчасын ачуу жөнүндө жазган арызы Манас айылдык кеңешинин XXV сессиясында карап, талкууга алынып, балдар бакчасын ачуу максатында Манас айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздарынын негизинде, Манас айыл аймагындагы Кызыл-мээнет айылынын Бегиев көчөсүндөгү №4 үйүндө, үй шартында бала бакча ачууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө Манас айыл өкмөтүнүн башчысына жана Манас айылдык кеңешинин элге билдим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маданий маселелер, жаштардын иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Манас айылдык кеңешинин төрайымы |
| Х.Ш.Артыкова |