Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2024-жылдын 28-июну № 25/7
Манас айыл аймагындагы Каратай айылында үй шартында ачылган муниципалдык “Чолпон нуру” балдар бакчасына кошумча 1 орто жана 1 кенже тайпа ачуу жөнүндө
Манас айыл аймагындагы Каратай айылында үй шартында ачылган муниципалдык “Чолпон нуру” балдар бакчасынын жетекечиси Жунусова Гулнара Кубанычбековнанын жазган арызынын негизинде бала бакчага кошумча 1 орто жана 1 кенже тайпа ачуу жөнүндө Манас айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздарынын негизинде, Манас айыл аймагынын Каратай айылындагы үй шартында ачылган муниципалдык “Чолпон нуру” балдар бакчасынына кошумча 1 орто жана 1 кенже тайпа ачууга уруксат берилсин.
2. Манас айыл аймагындагы Каратай айылында үй шартында ачылган муниципалдык “Чолпон нуру” балдар бакчасына кошумча 1 орто жана 1 кенже тайпа ачуу үчүн штаттык бирдиктерди берүү Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын “Чолпон нуру” балдар бакчасынын жетекчиси Жунусова Гулнара Кубанычбековнага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын Манас айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жаныбек уулу Элдиярга тапшырылсын.
Манас айылдык кеңешинин төрайымы |
| Х.Ш.Артыкова |