Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2024-жылдын 28-июну № 25/8
Манас айыл аймагындагы ВЛКСМ айылында үй шартында ачылган муниципалдык “София” балдар бакчасына кошумча 1 жогорку 2 орто жана 2 кенже тайпа ачуу жөнүндө
Манас айыл аймагындагы ВЛКСМ айылында үй шартында ачылган муниципалдык “София” балдар бакчасынын жетекчиси Базарбаева Розихан Тохтасиновнанын жазган арызынын негизинде бала бакчага кошумча 1 жогорку, 2 орто жана 2 кенже тайпа ачуу жөнүндө Манас айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздарынын негизинде, Манас айыл аймагындагы ВЛКСМ айылындагы үй шартында ачылган муниципалдык “София” балдар бакчасынына кошумча 1 жогорку, 2 орто жана 2 кенже тайпа ачууга уруксат берилсин.
2. Манас айыл аймагындагы ВЛКСМ айылында үй шартында ачылган муниципалдык “София” балдар бакчасына кошумча 1 жогорку, 2 орто жана 2 кенже тайпа ачуу үчүн штаттык бирдиктерди берүү Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын “София” балдар бакчасынын жетекчиси Базарбаева Розихан Тохтасиновнага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын Манас айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жаныбек уулу Элдиярга тапшырылсын.
Манас айылдык кеңешинин төрайымы |
| Х.Ш.Артыкова |