Редакцияот 03.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 ХХIX чакырылышынын кезектүү  IX  сессиясы

 

2025-жылдын 3-июнундагы   № 9/1

 

  

2025-жылдын 7-февралындагы Дөбөлү  айыл   аймагынын айылдык Кеңешинин  ХХIX-чакырылышынын кезектүү 4-сессиясынын № 4/1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө  

 

2025-жылдын 7-февралындагы Дөбөлү  айыл  аймагынын айылдык   Кеңешинин  ХХIX-чакырылышынын кезектүү 4-сессиясынын №4/1 токтомуна өзгөртүү киргизүү максатында 2025-жылдын 23-майындагы  Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн №37-26-6/2607 катынын негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.           2025-жылдын 7-февралындагы Дөбөлү  айыл  аймагынын айылдык Кеңешинин  ХХIX-чакырылышынын кезектүү 4-сессиясынын №4/1 токтому менен бекитилген Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды айылындагы Ө. Тезекбаев көчөсүндөгү (эски кампа) №1694-контуру жана Кеңеш айылындагы аэропорт участкасындагы №313-контуру туура эмес болуп калгандыктан Кеңеш айылындагы аэропорт көчөсү №4 идентификациялык коду 4-05-08-1003-0234 кодуна өзгөртүлүп, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 5 сотыхдан жер тилкеси МАП (милициянын аймактык пунктун) салууга бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

 

 

Төрага:

Б. Шералиев