Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2024-жылдын 28-июну № 25/9
“Манас айыл аймагынын Тажик-Абад айылындагы “Ак-кеме” балдар бакчасына кошумча 1 жогорку тайпа ачуу жөнүндө”
Манас айыл аймагынын Тажик-Абад айылындагы “Ак- кеме” балдар бакчасынын жетекечиси Ахмадалиева Сайера Толкунбаевнанын жазган арызынын негизинде бала бакчага кошумча 1 жогорку тайпа ачуу жөнүндө Манас айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздарынын негизинде, Манас айыл аймагынын Тажик-Абад айылындагы “Ак-Кеме” муниципалдык балдар бакчасынына кошумча 1 жогорку тайпа ачууга уруксат берилсин.
2. Манас айыл аймагынын Тажик-Абад айылында “Ак-кеме” муниципалдык балдар бакчасына кошумча 1 жогорку тайпа ачуу үчүн штаттык бирдиктерди берүү Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын “Ак-кеме” муниципалдык балдар бакчасынын жетекечиси Ахмадалиева Сайера Толкунбаевнага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Манас айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жаныбек уулу Элдиярга тапшырылсын.
Манас айылдык кеңешинин төрайымы |
| Х.Ш.Артыкова |