Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2024-жылдын 28-июну № 25/10
“Манас айыл аймагындагы Нариман айылында үй шартында ачылган муниципалдык “Антошка” атындагы балдар бакчасына кошумча 1 орто тайпа жана 1 жогорку тайпа ачуу жөнүндө”
Манас айыл аймагындагы Нариман айылында үй шартында ачылган муниципалдык “Антошка” атындагы балдар бакчасынын жетекчиси Парпиева Нигоранын жазган арызынын негизинде бала бакчага кошумча 1 орто жана 1 жогорку тайпа ачуу жөнүндө Манас айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздарынын негизинде, Манас айыл аймагынын Нариман айылындагы үй шартында ачылган “Антошка” муниципалдык балдар бакчасынына кошумча 1 орто жана 1 жогорку тайпа ачууга уруксат берилсин.
2. Манас айыл аймагынын Нариман айылында үй шартында ачылган “Антошка” муниципалдык балдар бакчасына кошумча 1 орто жана 1 жогорку тайпа ачуу үчүн штаттык бирдиктерди берүү Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын “Антошка” балдар бакчасынын жетекчиси Парпиева Нигорага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Манас айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жаныбек уулу Элдиярга тапшырылсын.
Манас айылдык кеңешинин төрайымы |
| Х.Ш.Артыкова |