МАНАС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2024-жылдын 28-июну № 25/11
“Манас айыл аймагындагы Тажик-Абад айылында үй шартында ачылган “Замандаш” муниципалдык балдар бакчасына кошумча 1 кенже тайпа ачуу жөнүндө”
Манас айыл аймагындагы Тажик-Абад айылында үй шартында ачылган “Замандаш” муниципалдык балдар бакчасынын жетекчиси Ахбуллаева Рахила Кадировнанын жазган арызынын негизинде бала бакчага кошумча 1 кенже тайпа ачуу жөнүндө Манас айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздарынын негизинде, Манас айыл аймагындагы Тажик-Абад айылындагы үй шартында ачылган “Замандаш” муниципалдык балдар бакчасынына кошумча 1 кенже тайпа ачууга уруксат берилсин.
2. Манас айыл аймагындагы Тажик-Абад айылында үй шартында ачылган “Замандаш” муниципалдык балдар бакчасына кошумча 1 кенже тайпа ачуу үчүн штаттык бирдиктерди берүү Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын “Замандаш” муниципалдык балдар бакчасынын жетекчиси Ахбуллаева Рахила Кадировнага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Манас айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жаныбек уулу Элдиярга тапшырылсын.
Манас айылдык кеңешинин төрайымы |
| Х.Ш.Артыкова |