Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2024-жылдын 28-июну № 25/12
“Манас айыл аймагындагы Нурдар айылында үй шартында ачылган “Бахрамжан Ата” муниципалдык балдар бакчасына кошумча бир орто тайпа ачуу жөнүндө”
Манас айыл аймагындагы Нурдар айылында үй шартында ачылган “Бахрамжан-Ата” муниципалдык балдар бакчасынын жетекчиси Кенжаева Сохиба Бахрамовнанын жазган арызынын негизинде бала бакчага кошумча 1 орто тайпа ачуу жөнүндө Манас айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздарынын негизинде, Манас айыл аймагынын Нурдар айылындагы үй шартында ачылган “Бахрамжанжан-Ата” муниципалдык балдар бакчасынына кошумча 1 орто тайпа ачууга уруксат берилсин.
2. Манас айыл аймагындагы Нурдар айылында үй шартында ачылган“Бахрамжан-Ата” муниципалдык балдар бакчасына кошумча 1 орто тайпа ачуу үчүн штаттык бирдиктерди берүү Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын “Бахрамжан-Ата” муниципалдык балдар бакчасынын жетекчиси Кенжаева Сохиба Бахрамовнага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Манас айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жаныбек уулу Элдиярга тапшырылсын..
Манас айылдык кеңешинин төрайымы |
| Х.Ш.Артыкова |