Редакцияот 03.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 ХХIX чакырылышынын кезектүү  IX  сессиясы

 

2025-жылдын 3-июнундагы   № 9/8

 

  

Жеке менчик турак жайларын куруу үчүн жер участокторун бекитип берүүгө макулдук берүү  жөнүндө

 

Жер мунапысын жүргүзүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291-токтомунун, Нарын районунун аймагында жер мунапысын жүргүзүү үчүн түзүлгөн комиссиянын 2025-жылдын 29-майындагы №121 чечимин, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын   4-июнундагы  №189-б буйругун аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин нормаларына ылайык, Дөбөлү айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы,    токтом кылат:

 

1.Дөбөлү  айыл  аймагынын Тамды-Суу айылындагы төмөндө көрсөтүлгөн жер аянты Тамды-Суу айылынын тургуну турак жай куруу үчүн жеке менчигине бекитип берүүгө макулдук берилсин.

 

№

А.А.А

Аянты м2

Контур №

Айылы

1

Жумашов Орозобек  Какишович

778,64 м2

          О. Алиев көч.

Тамды-Суу

 

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Төрага:

Б. Шералиев