Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык кенешинин 29- чакырылышынын
кезектеги 4 -сессиясы
2025-жылдын 3-марты № 29-19
КБФ жерлеринин ижара акысы жөнүндө
Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Кайра Бөлүштүрүү Фондунун жеринин ижара акысы жөнүндө Үч-Коргон айылдык кеңешинин депутаттары талкууга салып;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Кайра Бөлүштүрүү Фондунун аукционго койулган жеринин ижара акысы 1 (бир) га жер аянтына баштапкы баасы 2400 (эки миң төрт жүз) сом болуп бекитилсин
2. Токтомдун аткарылышы Үч-Коргон айыл өкмөт башчысы Р.Барпыбековго милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык саясат, суу ресурстары жана экология боюнча туруктуу комиссия төрагасы М.Усеновго милдеттендирилсин.
Төрага |
| А.Акимбаев |