Сравнение редакций…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Кыргыз Маданият Сервис" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Кыргыз Маданият Сервис" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) калктын маданият жана искусство чөйрөсүндөгү руханий муктаждыктарын канааттандыруу жана калыптандыруу максатында түзүлгөн.
2. Ишкана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдында Китеп басып чыгарууну жана таркатуу тутумун өнүктүрүү боюнча "Кыргыз китеп" мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп эсептелет.
3. Ишкана мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, чарба жүргүзүү укугуна негизделген өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, өзүнүн ишин чарбалык эсептин негизинде жүргүзөт.
4. Ишкананын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат.
5. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы (мындан ары
- башкаруу органы) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги болуп эсептелет.
6. Ишкана өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди, ошондой эле башкаруу органынын актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
7. Ишкананын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Кыргыз Маданият Сервис" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Кыргыз Маданият Сервис" при Министерстве культуры, информации и молодежной политики Кыргызской Республики".
8. Ишкананын кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Маданият Сервис" МИ;
- расмий тилде: ГП "Кыргыз Маданият Сервис".
9. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ч. Валиханов көчөсү, 2а.
10. Ишкана толук чарбалык эсеп жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, бланктары жана башка атрибуттары бар.
11. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилчиликти (кепилдикти) өзүнө алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
12. Ишкананын өкүлчүлүгү жана филиалы алар бекиткен жоболордун негизинде иштейт.
13. Ишкана өзүнүн филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши үчүн толук жоопкерчилик алат.
2-глава. Ишкананын милдеттери жана функциялары
14. Ишкананын негизги милдеттери: калктын маданий муктаждыктарын өнүктүрүү жана канааттандыруу, театралдык, музыкалык, сүрөт жана адабий искусствону колдоо, илгерилетүү жана даңазалоо, жогорку көркөм сүрөт программаларын түзүү болуп саналат.
15. Ишкананын негизги функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) мамлекеттик заказдарга ылайык алмашуу гастролдорун, маданият күндөрүн, фестивалдарды, конкурстарды, расмий аземдерди өткөрүү;
2) чет өлкөлүк чыгармачыл жамааттардын Кыргыз Республикасындагы гастролдук-концерттик ишин уюштуруу;
3) ата мекендик чыгармачыл жамааттардын чет өлкөлөрдөгү гастролдук-концерттик ишин уюштуруу;
4) маданиятты жана искусствону колдоо жана өнүктүрүү боюнча ар түрдүү долбоорлорго катышуу;
5) кыргыз фольклордук-этнографиялык музыка маданиятын өнүктүрүүгө жана пропагандалоого көмөк көрсөтүү;
6) музыкалык, театралдык, фольклордук жана цирк искусствосу чөйрөсүндө биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, программаларды даярдоо жана прокатка берүү;
7) маданият жана искусство жаатындагы келечектүү долбоорлорду андан ары өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу;
8) жарнама-басма ишин жүргүзүү;
9) маданият жана искусство мекемелерин үн күчөтүүчү жана жарык берүүчү техникалык аппаратура, музыкалык аспаптар, башка техникалык каражаттар жана атайын жабдуу менен камсыз кылуу;
10) маданиятты жана искусствону өнүктүрүү маселелери боюнча мамлекеттик уюмдар, чыгармачыл бирликтер жана коомчулук менен өз ара аракеттенүү;
11) маданий мурастын эстеликтерин түзүүгө көмөк көрсөтүү;
12) китеп басып чыгаруу системасын өнүктүрүү, китептерди жана көркөм котормону жайылтуу;
13) өзүнүн жана башкаруу органынын муктаждыктары үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу, ошондой эле мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башкаруу органы тарабынан жүргүзүлгөн бир булактан алуу методу менен мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө конкреттүү жактын атынан чыгуу;
14) скульптордун кызматтарын көрсөтүү, эстеликтерди, стелаларды, обелисктерди, мемориалдык такталарды жана башка мемориалдык курулмаларды долбоорлоо жана орнотуу боюнча иштерди жүргүзүү;
15) кеңсе, кампа жана өндүрүш жайларын ижарага берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;
16) реквизиттерди, декорацияларды жана костюмдарды ижарага берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;
17) ири тонналык транспорт менен жүктөрдү, жабдууларды, адистештирилген жүктөрдү, атайын техниканы ж.б. ташуу боюнча кызматтарды көрсөтүү;
18) автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызматтарды көрсөтүү;
19) бизнес иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;
20) маданият жана искусство мекемелерин техникалык каражаттар жана атайын жабдуу менен камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүү;
21) маданият жана искусство чөйрөсүндө семинарларды, тренингдерди, конференцияларды, квалификацияны жогорулатуу курстарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;
22) материалдык эмес маданий мурас жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматтарды көрсөтүү;
23) басма жана жарнама ишин жүргүзүү, анын ичинде китептерди, буклеттерди, журналдарды жана маданий багыттагы башка продукцияны чыгаруу;
24) маданиятты даңазалоо үчүн санариптик платформаларды жана сервистерди түзүү жана тейлөө боюнча кызматтарды көрсөтүү жана иштерди аткаруу;
25) иш-чараларды тариздөө жана техникалык камсыз кылуу (үн, жарык, сахна ж.б.) боюнча кызматтарды көрсөтүү;
26) акы төлөнүүчү иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызматтарды көрсөтүү, анын ичинде билеттерди, мерчтерди, сувенир продукцияны сатуу;
27) арт-менеджмент жана маданий маркетинг чөйрөсүндөгү ишти жүргүзүү;
28) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка функцияларды жана иштин түрлөрүн жүргүзүү.
Лицензия же тиешелүү уруксаттар талап кылынган иштин түрлөрү боюнча Ишкана өз ишин Кыргыз Республикасынын лицензиялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү лицензиялардын же уруксаттардын негизинде жүргүзөт.
3-глава. Ишкананын укуктары жана милдеттери
16. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды жүргүзүү үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) башка юридикалык жана жеке жактар менен эсептешүүлөрдү, анын ичинде накталай эмес эсептешүүлөрдү белгиленген тартипте жүргүзүүгө;
2) соттордо доогер жана жоопкер болууга;
3) алардын уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан юридикалык жактар, ошондой эле Ишкананын милдеттерине жана функцияларына ылайык жеке адамдар менен келишимдерди түзүүгө;
4) Ишкананын кызматкерлерине консультация берүү, окутуу жана башка максаттар үчүн келишимдердин негизинде адистерди белгиленген тартипте ишке тартууга;
5) Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;
6) эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, подряд келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканадагы жумуштарды аткаруу үчүн жарандарды ишке тартууга;
7) Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары уставдык милдеттерге ылайык өндүрүштүк ишти жүргүзүү үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү белгиленген тартипте түзүүгө;
8) Ишкананын милдеттерине жана функцияларына ылайык кызматтарды көрсөтүүгө;
9) башкаруу органы тарабынан жүргүзүлүүчү бир булактан алуу методу менен мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө конкреттүү жак катары катышууга.
17. Ишкананын кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыз кылуу, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.
18. Ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кызматкерлерге эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
2) Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
3) ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын отчетторун өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
4) Ишкананын чарбалык карамагындагы мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;
5) Ишкананын чарбалык карамагындагы мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарууга жана аны пайдалануудан киреше алууга.
19. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого, анын ичинде Ишканадагы ишин токтоткондон кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлар жана жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тийиштүү маалыматтарды сактоого милдеттүү.
4-глава. Мамлекеттик ишкананын башкаруу органынын компетенциясы
20. Ишкананын башкаруу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын уставын иштеп чыгуу, уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү же уставды жаңы редакцияда бекитүү боюнча сунуштарды даярдоо;
2) Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды уюштуруучуга киргизүү;
3) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;
4) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
5) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлерди киргизүү;
9) фонддорго, ассоциацияларга (бирликтерге), коммерциялык эмес уюмдарга жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
10) ушул Уставда башкаруу органынын компетенциясына киргизилген башка маселелерди чечүү.
21. Ишкананын башкаруу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) тейлеген иш чөйрөлөрүндөгү тармактык саясаттын маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү Ишканага берүүгө;
2) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
3) анын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына барууга;
4) аткаруу органынын отчетторун угууга;
5) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын жетекчисин кызмат ордунан бошотуу, ага карата тартиптик жаза же сыйлоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
Башкаруу органы ушул Уставда каралган башка укуктарга да ээ.
22. Ишкананын башкаруу органы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
2) Ишкананын ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
3) укук коргоо органдарына Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган фактылар белгилүү болгондугу жөнүндө маалымдоого;
4) Ишкананын коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Башкаруу органына мыйзамдарда жана ушул Уставда каралган башка милдеттер да жүктөлөт.
23. Ишкананын башкаруу органы болуп саналган мамлекеттик орган жоюлган жана тиешелүү мамлекеттик функциялар боюнча укук улантуучусу жок болгон учурда, окшош чөйрөдө функцияларды жүргүзүүчү мамлекеттик орган же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Ишкананын башкаруу органы болуп аныкталат.
5-глава. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
24. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу боюнча сунуштарды киргизүү;
2) Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашуу;
3) Ишкананын жылдык бюджетин, финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту, республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишин талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын ишин баалоо;
7) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарына сый акы төлөө тартибин бекитүү;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Ишкананын жетекчисин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
9) Ишкананын жетекчисинин сунушу боюнча Ишкананын жетекчисинин орун басарын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу;
10) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарына карата иш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу;
11) Ишкананын жетекчиси менен эмгек келишиминин типтүү формасын бекитүү;
12) Ишкананын жетекчиси жана анын орун басары менен эмгек келишимин түзүү;
13) канааттандырарлык эмес иши үчүн мамлекеттик ишканалардын жетекчилери катары ыйгарым укуктары токтотулган адамдардын реестрин жүргүзүү;
14) Ишканага таандык мүлктү багыты боюнча пайдаланууну жана сактоону контролдоо;
15) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
25. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган коммерциялык жана мыйзам менен корголуучу башка сырга тиешелүү маалыматты, ошондой эле кызматтык пайдалануу үчүн маалыматты кошпогондо, өзүнүн расмий веб-сайтына төмөнкүдөй материалдарды жайгаштырууга милдеттүү:
1) иштеп жаткан мамлекеттик ишканалардын тизмегин;
2) жоюу жана банкроттук процессте турган мамлекеттик ишканалардын тизмегин;
3) мамлекеттик ишканалардын стратегиялык өнүктүрүү пландарын;
4) мамлекеттик ишканалардын жылдык бюджеттерин жана финансы-чарбалык иши жөнүндө отчетторун;
5) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын ишин баалоонун натыйжаларын;
6) мамлекеттик ишкананын жетекчисинин кызмат ордун ээлеген адамдардын реестрин;
7) канааттандырарлык эмес иши үчүн мамлекеттик ишканалардын жетекчилери катары ыйгарым укуктары токтотулган адамдардын реестрин.
26. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун документтерин, ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктарын талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
2) Ишкананын жетекчисинин ишин баалоонун жана Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Ишкананын жетекчисин кызмат ордунан бошотуу, ага карата сыйлоо же тартиптик жаза чараларын көрүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
3) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Ишкананын жетекчисинин орун басарын кызмат ордунан бошотууга, ага карата сыйлоо же тартиптик жаза чараларын көрүүгө;
4) Ишкананын тышкы аудитин жүргүзүүнү демилгелөөгө;
5) Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечимди кабыл алууга;
6) Ишканага таандык мүлктү багыты боюнча пайдаланууну, аны эксплуатациялоонун натыйжалуулугун жана сактоону контролдоо максатында жооптуу кызматкерлерге Ишкананы текшерүүгө жана анын аймагына барууга ыйгарым укук берүүгө.
27. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин аталган документтер Ишкананын жетекчисинен келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде макулдашат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Ишкананын түзүмүнүн жана штаттык расписаниесинин сунушталган долбоору менен макул болбогон учурда аталган документтер келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндөгү жүйөлүү баш тартууну Ишкананын жетекчисине жиберет.
28. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ушул Уставда каралган башка укуктары да бар.
6-глава. Ишкананы башкаруу
29. Ишкананы директор башкарат.
30. Ишкананын директору Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна карата квалификациялык талаптарга шайкеш келген, мамлекеттик башкаруу органы сунуштаган адамдардын ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалат.
31. Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна дайындалган директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директору эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
Ишкананын директору мамлекеттик башкаруу органынын макулдугу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордунан бошотулат.
32. Ишкананын директору ээлеген кызматынан төмөнкү учурда мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) ишинде жана Ишкананын жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгынын отчетун кароонун натыйжасы боюнча канааттандырарлык эмес баа алганда;
2) иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн аткарбаганда;
3) эмгек келишими боюнча милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда;
4) финансы-чарбалык иштин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациялуу эмес иш-аракеттери үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
33. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансы-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын
(бизнес-планын) ишке ашыруу;
3) мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга келерки жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдагы бюджетин аткаруу жөнүндө отчетту бекитүүгө киргизүү;
4) Ишкананын финансы-чарбалык иши жана Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын аткаруу жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берүү;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин жана мамлекеттик башкаруу органынын ведомстволук актыларынын аткарылышын камсыз кылуу;
6) мамлекеттик башкаруу органы жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү;
7) кызматкерлерди жалдоо жана бошотуу шарттарын, анын ичинде эмгек акы төлөө фондун бекитүү;
8) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
9) Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
10) бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштуруу;
11) ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
34. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, ушул Уставга жана Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү, подряд келишимдерин (көрсөткөн кызматтарынын, сатып алынган товарлардын сандык, сапаттык жана нарктык конкреттүү параметрлерин көрсөтүү менен) түзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
4) Ишкананын алдындагы максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга.
Ишкананын директору мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
35. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча отчетторду, Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди мамлекеттик башкаруу органынын кароосуна киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын ар түрдүү чөйрөдөгү ишине байланышкан бардык зарыл болгон маалымат жана документтер менен камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
4) укук коргоо органдарына Ишкананын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарын бузган фактылар белгилүү болгондугу жөнүндө маалымдоого;
5) Ишкананын коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Ишкананын директору мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
36. Ишкананын директорунун чечими буйрук формасында кабыл алынат.
37. Ишкананын директору:
1) Ишкананын атынан ишеним катсыз иш алып барат;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыктарын коргойт;
3) Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана бошотот;
4) Ишкананын кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын көрөт;
5) компетенциясынын алкагында Ишкананын бардык кызматкерлери милдеттүү аткарууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
6) Ишкананын кызматкерлерине ишеним каттарды берет;
7) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун абалы, Ишкананын финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу, өндүрүштө коопсуздук техникасын сактоо үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
9) мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка ыйгарым укуктарды аткарат.
38. Ишкананын директору ага жүктөлгөн функциялык милдеттерди талаптагыдай аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
39. Ишкананын директорунун 3 орун басары болот, алардын ичинен бири директордун биринчи орун басары болуп эсептелет. Директордун орун басарларынын функционалдык милдеттерин Ишкананын директору бекитет.
40. Ишкананын директорунун орун басарлары Ишкананын директорунун сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
41. Ишкананын директорунун орун басарлары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
42. Ишкананын директору ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда бош кызмат орду ээленген учурга чейин анын милдеттерин аткаруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын директорунун орун басарларынын бирине жүктөлөт.
43. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
44. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
45. Ишкананын башка уюмдар, жалданган кызматкерлер, жарандар менен болгон чарбалык иштин бардык чөйрөсүндөгү мамилелери келишимдердин негизинде түзүлөт.
7-глава. Мамлекеттик ишкананын жетекчилик курамы
46. Мамлекеттик ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар директор, (башкы директор), директордун орун басарлары, башкы бухгалтер болуп саналат.
47. Мамлекеттик ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар өзүнүн укуктарын ишке ашырууда жана милдеттерин аткарууда мамлекеттик ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн аракеттенүүгө тийиш.
Жетекчилик курамга кирген адамдар мамлекеттик, коммерциялык же башка мыйзам менен корголуучу сыр болуп саналган мамлекеттик ишкананын иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
Чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга укуугу бар Кыргыз Республикасынын жарандары стратегиялык мамлекеттик ишканалардын жетекчиси боло албайт
48. Мамлекеттик ишкананын жетекчилик курамына төмөнкү адамдар кире албайт:
1) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштар үчүн соттолгон адамдар, анын ичинде жоюлганына карабастан;
2) канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчисинин ээлеген кызмат ордунан мурда бошотулган адамдар;
3) менчигинин түрүнө карабастан, чарбалык субъектте мурда жетекчилик кызмат ордун ээлеп, аны банкроттукка алып келген адамдар;
4) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат ордун, саясий жана административдик муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдар.
Мамлекеттик ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордун ээлеп турган мезгилде бир эле учурда жеке же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик менен алектенүүгө, уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан, коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укуксуз.
8-глава. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
49. Ишкана финансы-чарбалык ишин стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыгуучу жылдык бюджетке ылайык жүргүзөт.
Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.
50. Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) Ишкананын ишинин максаттарын жана негизги багыттарын чечмелөөнү;
2) тармактын жана рыноктун сыпатталышын, Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;
3) Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуусунун зарылдыгын негиздөө;
4) Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоо;
5) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планы;
6) уюштуруу планы;
7) финансылык план;
8) тобокелдиктерди талдоо.
51. Ишкана бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык финансылык отчеттуулукту түзөт. Ишкананын финансылык отчеттуулугу кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлөт.
52. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана финансы-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө отчетторду төмөнкүлөргө берет:
1) ички аудиторго (Ишкананын уюштуруучулук түзүмүндө ички аудит кызматы бар болгон учурда);
2) мамлекеттик башкаруу органына;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
53. Жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө, анын ичинде Ишкананын өткөн жыл үчүн бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетту киргизет.
54. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматты чогултуу жана иштеп чыгуу жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды берет.
Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте талап кылынган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалымат бергендиги же аны бурмалагандыгы, ошондой эле отчеттуулукту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
55. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде жүргүзүлөт.
9-глава. Ишкананын мүлкү жана финансысы
56. Ишкана мамлекеттик мүлккө чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана ага бекитип берилген мүлккө менчик укугу менен бөлүнгөн. Мүлктү пайдалануунун негизи болуп Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен мамлекеттик менчик болуп саналган жана Ишкананын балансына өткөрүп берилген кыймылсыз мүлк объекттерине, негизги каражаттарга жана башка мүлккө чарба жүргүзүү укугу саналат.
57. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле башка материалдык баалуулуктар түзөт, алардын наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылат.
58. Ишкананын мүлкүн түзүүчү булактар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилген мүлк;
2) мүлк, анын ичинде өзүнө бекитилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган кирешелер, жемиштер, продукция;
3) чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
4) өз ишинен түшкөн кирешелер;
5) ыктыярдуу төгүмдөр жана кайрымдуулуктар;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган кандай болбосун башка булактар.
59. Ишкана тарабынан өзүнүн финансы-чарбалык ишинин кирешесинин же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жаңыдан түзүлгөн, алынган жана сатып алынган мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана уставдык максаттарга жана иштин предметине ылайык Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижарага берүү) укуктарын ишке ашырат.
60. Ишкананын мүлкүн ээликтен ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталына салым катары киргизүү мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
61. Ишкана өз мүлкүн инвентаризациялоого жана инвентаризациялоонун жыйынтыгын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөттө жана тартипте берүүгө милдеттүү.
62. Ишкана жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебине таза пайданын алар бекиткен бөлүгүнүн өлчөмүн, бирок 50 пайыздан кем эмесин, кийин республикалык бюджетке отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө жиберүү менен которот.
10-глава. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
63. Ишкананы кайра уюштуруу бириктирүү, кошуу, ажыратуу, бөлүү же өзгөртүп түзүү формасында жүзөгө ашырылат.
Ишкананы бириктирүү, кошуу, ажыратуу же бөлүү формасында кайра түзүү жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Уюштуруучу тарабынан кабыл алынат.
64. Ишкана төмөнкүдөй жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
65. Ишкананы жоюу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюлуп жаткан Ишкананын, мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарылдыгына жараша башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын жоюлуп жаткан Ишкананын жетекчиси башкарат.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.
66. Ишкананын иш процессинде пайда болгон документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 852 токтомунун редакциясына ылайык)

8-1) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, мыйзамдардын сакталышын, кызматтык тартиптин абалын үзгүлтүксүз контролдоону камсыздоо аркылуу баш ийген кызматкерлердин аракети (аракетсиздиги) үчүн жоопкерчилик тартат;