Редакцияот 21.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

 

2025-жылдын 21-майы № 44

 

Жер тилкесин өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

 

Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун Мырза-Куршаб каналынын коргоо зонасына кирген 16000 м2  жер тилкесин Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүп берүү жөнүндөгү сунушун угуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 07-июлундагы № 271 токтомуна жана Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгынын 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 01-3/37 катына ылайык, айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мырза-Куршаб каналынын коргоо зонасына кирген 16000 м2 жер тилкесин Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго сунушталсын.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (А. Шадмановго) жүктөлсүн.

 

Төрага

 

К. С. Мусаев