Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 4-июну № 317
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маданият чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25 апрелиндеги № 289 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-мартындагы № 96 "Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине "улуттук" деген статусту ыйгаруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 "Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда "улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин кызматтык маянасына үстөк акылар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген "Улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы бар мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын тизмесинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 37-пункт менен толукталсын:
"37. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университети.".
2.(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине ушул жылга каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 6-июнундагы № 41 (3697) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |