Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 9-июну № 327
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Шаар куруу, архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуунун жана актуалдаштыруунун оперативдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинде:
- 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) шаар куруу, архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды, атап айтканда:
- кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана өзгөртүүгө уруксат документтерин берүүнүн тартибин жана жол-жоболорун;
- техникалык шарттарды алуу, инженердик-техникалык тармактарга кошулуу тартибин жана жол-жоболорун, ошондой эле инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө эрежелерин;
- долбоордук документтерди макулдашуунун тартибин жана жол-жоболорун;
- долбоордук документтерге мамлекеттик экспертиза жүргүзүүнүн тартибин жана жол-жоболорун;
- мамлекеттик архитектуралык-курулушту көзөмөлдөө жана контролдоо тартибин жана жол-жоболорун;
- курулуш объекттеринин классификациясын;
- эксплуатациялоого киргизилүүчү курулушу аяктаган объекттин шайкештигин баалоонун тартибин жана жол-жоболорун;
- долбоорлоо жана курулуш процесстерин айкалыштыруу жөнүндө жобону;
- Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоодо жана курууда чет өлкөлүк ченемдик документтерди колдонуу жөнүндө жобону;
- эксперименталдык объекттерди ишке ашыруунун тартиби жана жол-жобосу жөнүндө жобону;
- чет мамлекеттер тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын аймагында бир тараптуу таанылуучу шаар куруу, долбоорлоо-изилдөө иштери жана курулуш-монтаждоо иштери чөйрөсүндөгү лицензиялардын тизмегин;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда аткарылган иштерди орто аралык кабыл алуунун тартибин жана жол-жоболорун;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда аткарылган иштерди эксплуатациялоого кабыл алуунун тартибин жана жол-жоболорун;
2) курулуштагы ченемдик техникалык документтерди, атап айтканда:
- курулуштагы ченемдик документтердин системасы жөнүндө жоболорду;
- курулуштагы ченемдик документтерди иштеп чыгуунун, макулдашуунун жана бекитүүнүн тартибин жана жол-жоболорун;
- курулуш ченемдерин жана эрежелерин;
- эрежелердин жыйындысын;
- нускамаларды жана методикалык көрсөтмөлөрдү;
- техникалык чечимдердин каталогдорун;
- ченемдик документтердин тизмектерин жана көрсөткүчтөрүн;
- архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба жаатындагы коэффициенттерди жана ченемдерди;
- атайын техникалык шарттарды жана техникалык корутундуларды;
- курулуш жана долбоорлоо чөйрөсүндөгү сметалык ченемдөөнүн индекстерин түзөтүүчү жоболорду, нускамаларды, методикалык көрсөтмөлөрдү.".
2. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 42 (3698) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |