Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-июнундагы № 326 токтомуна) |
Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ээликтен ажыратуу ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ээликтен ажыратуу тартиби Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана токой жана суу фонддорунун жерлерин, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын, запастагы жерлерди, чек арага жанаша жаткан зоналарды, ошондой эле Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин жана жайыттарды кошпогондо, улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик менчикте турган жер участокторун акы төлөө менен ээликтен ажыратуу тартибин аныктайт.
2. Жер участокторуна менчик укугун берүү аукцион формасында өткөрүлгөн тооруктун жыйынтыгы боюнча жүзөгө ашырылат. Аукцион кагаз форматында же электрондук соода аянтчаларында өткөрүлөт.
3. Сатып алуу-сатуу келишимин же сатып алуучунун/пайдалануучунун жер участогун өздөштүрүү боюнча милдеттенмелерин камтыган жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга акы төлөнүүчү негизде берүү жөнүндө келишимди түзүү укугу аукциондун предмети болуп саналат.
4. Бул Тартипте терминдер жана аныктамалар төмөнкүдөй мааниде колдонулат:
1) аукцион - тооруктун формасы, мында сатып алуу-сатуу келишими же сатып алуучунун/пайдалануучунун милдеттенмелерин камтыган жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга акы төлөнүүчү негизде берүү жөнүндө келишим лот үчүн эң жогорку бааны сунуштаган жана төлөгөн жана аукциондун шарттарында аныкталган милдеттенмелерди кабыл алган аукциондун жеңүүчүсү менен түзүлөт;
2) баланс кармоочу - жер участогу мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануусунда турган мамлекеттик жер пайдалануучу же үчүнчү жактардын укуктарынан эркин болгон жер участокторун тескеген жергиликтүү мамлекеттик администрация;
3) кепилдик төгүмү - жер участогуна менчик укугун алуу максатында тоорукка катышууну каалаган талапкер тарабынан төлөнүүчү акчалай сумма;
4) комиссия - аукционду даярдоо жана өткөрүү боюнча комиссия;
5) лот - аукционго коюлуучу түзүлгөн жер участогу;
6) улуттук инвестициялык долбоор - өлкө үчүн стратегиялык жактан маанилүү болгон инвестициялык долбоор, ал төмөнкү багыттарды камтыйт:
- экспортко багытталгандык, импортту алмаштыруу, айыл чарба, энергетика, азык-түлүк коопсуздугу, өнөр жай жана кайра иштетүү, туризм, курулуш, саламаттык сактоо, фармация, соода-логистикалык чөйрө жана жашыл технологиялар;
- улуттук инвестициялык долбоорго инвестордун өзүнүн салымы долбоордун жалпы наркынын 10 пайызынан кем болбоого тийиш;
7) мамлекеттик маанидеги долбоор - бул толугу менен же жарым-жартылай мамлекеттик бюджеттен, ошондой эле салым катары мамлекеттик активдерди берүү жолу менен каржылануучу, мамлекеттик башкаруу же экономиканы өнүктүрүү чөйрөсү үчүн стратегиялык инфраструктуралык объекттерди курууга багытталган долбоор;
8) тоорукту уюштуруучу - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген, мамлекеттик менчикте турган жер участокторуна менчик укугун берүү боюнча тоорукту уюштуруу жана өткөрүү үчүн жооптуу мамлекеттик орган;
9) баштапкы нарк - аукциондо баштапкы катары белгиленген лоттун баасы;
10) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - улуттук инвестициялык долбоорду же мамлекеттик маанидеги долбоорду ишке ашыруу белгиленген тартипте бекитилген мамлекеттик орган;
11) аукциондун кадамы - тооруктун жүрүшүндө баштапкы наркы жогорулатылуучу үстөк жана аукционист жарыялаган (аукционду кагаз форматында өткөрүүдө) же электрондук соода аянтчасы (аукционду электрондук форматта өткөрүүдө) тарабынан түзүлүүчү ар бир кийинки нарк.
2. Лотторду түзүү жана аукционго даярдоо
5. Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ээликтен ажыратуу боюнча аукционду өткөрүүнүн демилгечиси болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
6. Жер участокторунун баланс кармоочусу жана/же ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аукционго коюу үчүн лотторду түзүүнү жүзөгө ашырат жана жер участокторунун рыноктук наркын көз карандысыз баалоону жүргүзүүнү камсыз кылат.
7. Лот төмөнкү документтер болгондо түзүлдү деп эсептелет:
1) жер участогуна укук белгилөөчү документ;
2) жер участогунун планы;
3) эгерде улуттук инвестициялык долбоорду же мамлекеттик маанидеги долбоорду ишке ашыруу тооруктун предметине карата инвестор тарабынан милдеттенмелердин аткарылышын болжолдосо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан макулдашылган жер участогун өздөштүрүү боюнча шарттардын тизмеги, анын ичинде курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун шарттары жана мөөнөттөрү, жер участогунун максаттуу багыты, жер участогун сатып алуучуга талаптар, зарыл учурда жер участогун кайра сатуу жана аны үчүнчү жактардын укуктары менен оорчулуктары боюнча чектөөлөр;
4) жер участогуна үчүнчү жактардын оорчулуктарынын жана чектөөлөрүнүн жоктугу жөнүндө маалымкат (сервитуттар аркылуу бекитилген укуктардан тышкары);
5) "Баалоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык көз карандысыз баалоочу же баалоочу уюм тарабынан даярдалган жер участогунун рыноктук наркын баалоо жөнүндө отчет. Жер участогунун рыноктук наркын баалоо жөнүндө отчет баланс кармоочу тарабынан берилет;
6) жер участогунун рыноктук наркын баалоонун аныктыгы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын корутундусу менен ырасталууга тийиш.
8. Лотторду түзүү боюнча чыгымдарды жер участокторунун баланс кармоочусу жана/же ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тартат.
9. Айрым улуттук инвестициялык долбоорго же ишке ашырылуусу мамлекеттин менчигинде турган жер участокторуна менчик укугун инвесторлорго акы төлөө менен берүүнү караган мамлекеттик маанидеги долбоорго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдү аныктайт:
1) ээликтен ажыратылууга тийиш болгон жер участокторунун тизмегин;
2) тооруктарды уюштуруучуну;
3) аукционду өткөрүүнүн форматын жана аукциондун шарттары бар электрондук форматы тандалган учурда электрондук соода аянтчасын;
4) комиссиянын курамын.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоору ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же баланс кармоочу тарабынан демилгеленет.
11. Тооруктарды уюштуруучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте келишимдик негизде төмөнкүлөрдү сатып алууга укуктуу:
1) электрондук соода аянттарынын ээлери жана операторлору болуп саналган жеке уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүн;
2) жеке менчик уюмдардын же аукциондорду өткөрүүгө адистешкен жеке аукциончу-жактардын кызмат көрсөтүүлөрүн.
Комиссиянын курамына баланс кармоочунун, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, тоорукту уюштуруучунун, шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органдын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын, инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын, ички иштер органдарынын, жергиликтүү бийлик органдарынын, электрондук соода аянтчасынын операторунун, ошондой эле башка кызыкдар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирет.
Комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет. Комиссиянын жеке курамы тоорукту уюштуруучу тарабынан бекитилет. Комиссиянын төрагасы болуп ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү, төраганын орун басары - баланс кармоочунун жана тоорукту уюштуруучунун өкүлдөрү эсептелет. Комиссия тоорукту уюштуруучунун өкүлдөрүнүн ичинен комиссиянын катчысын дайындайт.
Комиссиянын ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну тоорукту уюштуруучу жүзөгө ашырат.
12. Комиссия төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) аукционго киргизүү үчүн лоттордун түзүлгөндүгүн текшерүү;
2) лоттун баштапкы наркын жарыялоо;
3) аукционго катышууга арыздарды кабыл алуу датасын, ордун, башталуу жана аяктоо убактысын аныктоо;
4) аукционду өткөрүү датасын, убактысын жана ордун аныктоо;
5) аукционго катышуу үчүн талапкерлер тарабынан берилүүчү документтердин тизмегин аныктоо;
6) форма боюнча аукционго катышууга өтүнмөнүн формасын бекитүү (ушул Тартиптин 3-тиркемеси);
7) аукционго катышууга талапкерлердин кепилдик төгүмүн төлөө шарттарын жана мөөнөттөрүн аныктоо;
8) ар бир лот боюнча маалыматтык билдирүүнүн текстин бекитүү;
9) аукцион кагаз форматында өткөрүлгөн учурда:
- аукционго катышууга талапкерлерден өтүнмөлөрдү жана аларга тиркелген документтерди кабыл алуу жана каттоо;
- талапкерди аукционго киргизүү же аукционго киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
- аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү;
10) аукционду өткөрүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
11) аукционду өткөрүү датасын жана убактысын жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
12) лотту кайталап тоорукка коюу жөнүндө чечим кабыл алуу;
13) талапкерлерден жана аукциондун катышуучуларынан түшкөн даттанууларды административдик тартипте сотко чейин кароону жүзөгө ашыруу;
14) аукционду коомчулукка жарыялоону уюштуруу, аукциондордун ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу;
15) аукционду өткөрүүнүн жана жер участокторуна укуктарды берүүнүн ушул Тартипте, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жөнгө салынбаган уюштуруучулук жана техникалык маселелерин чечүү.
13. Комиссиянын жыйналыштарын лоттор боюнча зарыл болгон документтерди жана материалдарды даярдоону жана камсыз кылууну баланс кармоочу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
14. Комиссиянын чечимдери комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экисинен кем эмес кворум болгондо жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. Комиссиянын протоколуна комиссиянын төрагасы жана комиссиянын жыйналышына катышкан комиссиянын мүчөлөрү кол коёт.
3. Аукционду өткөрүү жөнүндө жалпы жоболор
15. Аукциондун катышуучулары болуп жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар саналат.
16. Лоттун баштапкы наркы көз карандысыз баалоочу (баалоо уюму) тарабынан аныкталган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген жер участогунун рыноктук наркынан төмөн болбошу керек.
17. Аукционду өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) лоттун жалпы маалыматтары жана мүнөздөмөсү;
2) жер участогу жөнүндө маалымат менен таанышуу жана аны кароо тартиби;
3) жер участогун өздөштүрүү боюнча шарттардын тизмеги, анын ичинде курулуш ниеттерин жүзөгө ашыруунун шарттары жана мөөнөттөрү, жер участогунун максаттуу багыты жана башка милдеттенмелер;
4) чет өлкөлүк жактардын аукционго катышуу өзгөчөлүктөрү;
5) аукционго катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алуунун орду, башталуу жана аяктоо датасы;
6) аукционду өткөрүү орду, датасы жана убактысы;
7) баштапкы баанын, кепилдик төгүмдүн жана аукциондун кадамынын өлчөмдөрү;
8) аукционго катышууга киргизүү үчүн талапкерлер тарабынан берилүүчү документтердин тизмеги;
9) кепилдик төгүмдү кайтаруу тартиби жана шарттары.
Берилген документтер Комиссия тарабынан келип түшкөн күндөн тартып беш календардык күндүн ичинде каралат.
18. Аукционду өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү тоорукту уюштуруучунун, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана баланс кармоочунун (бар болгондо) расмий интернет-сайтында, жалпыга маалымдоо каражаттарында аны өткөрүү датасына чейин беш күндөн кечиктирбестен жайгаштырылат.
19. Аукцион электрондук соода аянтчасынын регламенти менен белгиленген тартипте, аукционду өткөрүүнүн электрондук форматында же болбосо аукционду өткөрүүнүн кагаз форматында - ушул Тартиптин 4-бөлүмүндө каралган тартипке ылайык өткөрүлөт.
20. Аукционго катышуу үчүн талапкерлер төмөнкүдөй документтердин минималдуу тизмегин бериши керек:
1) уставдык капиталга чет өлкөлүк жарандыгынын же чет өлкөлүк катышуусунун бар экендиги жөнүндө маалыматты камтыган аукционго катышууга өтүнмө;
2) кепилдик төгүмдүн киргизилгендигин ырастаган төлөм документинин көчүрмөсү;
3) инсандыгын ырастоочу документ (өтүнмө берүүдө талапкер тарабынан жеке өзү көрсөтөт).
Юридикалык жактар кошумча төмөнкүлөрдү көрсөтөт:
- белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
- юридикалык жактын атынан чыгууга жана тиешелүү бүтүмдөрдү жасоого ыйгарым укуктуу өкүлдүн атына берилген ишеним кат.
Эгерде өтүнмө талапкердин өкүлү тарабынан берилсе, анда талапкердин атынан аракеттенүүгө укугу бар жакка берилген нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним катты берүү зарыл.
Документтер санариптик форматта же болбосо башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан мындай документтерди алуу мүмкүнчүлүгү болсо, "Түндүк" электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу берилиши мүмкүн.
Жер участогун өздөштүрүүнүн шарттарына жана улуттук инвестициялык долбоордун же мамлекеттик маанидеги долбоордун өзгөчөлүктөрүнө жараша комиссия инвестордун финансылык абалын жана долбоордун финансылык туруктуулугун, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасын тастыктоого, салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын жоктугуна байланыштуу кошумча документтерди, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин же бизнес-планды талапкерлердин берүүсү жөнүндө талапты белгилөөгө укуктуу.
21. Аукционго катышууга талапкерлер аукционго коюлуп жаткан жер участогун баланс кармоочу менен биргеликте карап чыгууга укуктуу.
22. Аукционго катышуу үчүн талапкер кепилдик төгүмдү киргизет. Кепилдик төгүмдүн өлчөмү лоттун баштапкы наркынын 10 пайызы өлчөмүндө аныкталат.
Кепилдик төгүм аукциондун жеңүүчүсүн кошпогондо, аукциондун бардык талапкерлерине жана катышуучуларына аукционду кагаз форматында өткөрүүдө же аукционду электрондук форматта өткөрүүдө протокол автоматтык түрдө генерацияланган учурдан тартып аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюлган учурдан тартып он банктык күндүн ичинде кайтарылып берилет. Аукциондун жеңүүчүсү жер участогунун сатып алуу наркын төлөөдөн баш тарткан учурда кепилдик төгүм кайра берилбейт. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аукцион өткөрүлгөнгө чейин же андан кийин мамлекеттик менчикте турган жер участогун ээликтен ажыратуудан үч жумуш күндүн ичинде баш тарткан учурда катышуучуларга же жеңүүчүгө кепилдик төгүм банктык он күндүн ичинде кайтарып берилет.
Аукциондун жеңүүчүсүнө кепилдик төгүм аукциондо сатылып алынуучу мүлктүн акысын төлөө эсебине чегерилет.
23. Аукциондун кадамы лоттун баштапкы наркынан төмөнкүдөй өлчөмдөрдө аныкталат:
1) баштапкы наркы он миллион сомго чейин - бир пайыз;
2) баштапкы наркы он миллион сомдон 100 миллион сомго чейин - 0,5% (нөл бүтүн ондон беш пайыз);
3) баштапкы наркы 100 миллиондон бир миллиард сомго чейин - 0,2% (нөл бүтүн ондон эки пайыз);
4) баштапкы наркы 1 миллиард сомдон жогору - 0,1% (нөл бүтүн ондон бир пайыз).
Аукциондун кадамы аукциондун жүрүшүндө өзгөрбөйт.
24. Талапкер төмөнкүдөй учурда комиссия тарабынан аукционго катышууга киргизилбейт:
1) маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн тизмек боюнча бардык документтер көрсөтүлбөсө, же болбосо көрсөтүлгөн документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбесе;
2) кепилдик төгүмдүн киргизилгендигин ырастаган төлөм документи жок болсо.
25. Комиссия Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же баланс кармоочунун сунушунун негизинде аукционду өткөрүүдөн каалаган убакта, бирок аны өткөрүү күнү жарыяланганга чейин үч күндөн кечиктирбестен баш тартууга укуктуу. Аукционду жокко чыгаруу жөнүндө талапкерлерге тапшырык кат аркылуу, ошондой эле тиешелүү маалыматты расмий сайтка жайгаштыруу жолу менен билдирилет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аукцион өткөрүлгөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттин менчигинде турган жер участогун ээликтен ажыратуудан да баш тарта алат.
26. Аукциондун жыйынтыктары аукционду кагаз форматында өткөрүүдө комиссия тарабынан түзүлүүчү жана бекитилүүчү аукциондун жыйынтыктары жөнүндө кагаз жүзүндөгү протоколдо же аукционду электрондук форматта өткөрүү учурунда автоматтык түрдө түзүлүүчү протоколдо чагылдырылат.
Аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протокол аукциондун жыйынтыктары боюнча сатып алуу-сатуу келишимин түзүүгө аукциондун жеңүүчүсүнүн укугун ырастаган документ болуп саналат.
27. Тооруктун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун көчүрмөсү аукциондун жеңүүчүсүнө жана анын катышуучуларына берилет.
Аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун сканерленген версиясы тоорукту уюштуруучунун, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана баланс кармоочунун (бар болгондо) расмий сайтында жайгаштырылат.
28. Аукцион төмөнкүдөй учурларда комиссия тарабынан ишке ашпай калган деп таанылат:
1) аукционго катышууга өтүнмө берилбесе;
2) бир дагы талапкер аукционго катышууга киргизилбесе;
3) аукционго катышууга бир гана талапкер киргизилсе;
4) аукционго киргизилген талапкерлердин бири да ага катышпаса;
5) аукционго катышуу үчүн бир катышуучу катталса.
29. Аукциондун жеңүүчүсү жер участогунун сатып алуу наркын төлөөдөн баш тарткан учурда же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аукцион өткөрүлгөнгө чейин же андан кийин үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттин менчигинде турган жер участогун ээликтен ажыратуудан баш тарткан учурда кепилдик төлөмдү кайтарып берүү ушул Тартиптин 22-пункту менен жөнгө салынат.
Жер участокторун аукциондордо сатуудан түшкөн каражаттар республикалык бюджетке түшөт.
4. Аукционду кагаз форматында өткөрүү
30. Комиссиянын катчысы аукцион башталар алдында аукциондун келген катышуучуларын каттоодон өткөрөт жана аларга ыйгарылган номерлери бар табличкаларды берет.
31. Аукционду комиссия тарабынан дайындалган аукционист алып барат. Аукциондо тооруктун башталышы болуп аукционист лоттун номерин, лоттун баштапкы наркын жана аукциондук кадамдын өлчөмүн жарыялаган учур эсептелет.
32. Баштапкы нарк боюнча лотту сатып алууну каалаган аукциондун катышуучусу өзүнүн табличкасынын номерин аукционистке каратып көтөрөт, лотту аталган баа боюнча сатып алууга макул экендигин ырастайт.
33. Аукциондун катышуучусунун ар бир сунушу аукционист тарабынан катышуучунун номерин жана ал сунуштаган бааны жарыялоо менен ырасталат.
34. Ар бир жаңы сунуш мурунку сунуштан бир кадамдан ашпашы керек.
35. Эгерде аукционист акыркы бааны үч жолу жарыялагандан кийин катышуучулардын кимиси тарабынан болбосун жогору баа сунушталбаса, аукционист балка менен чабуу менен бир эле убакта тооруктун предметин акыркы бааны сунуштаган сатып алуучу сатып алгандыгы жөнүндө жарыялайт. Тооруктун жүрүшүндө акыркы бааны сунуштаган аукциондун катышуучусу тооруктун жеңүүчүсү деп жарыяланат.
36. Комиссия аукционду жана өзүнүн жыйналыштарын видеого тартууну камсыз кылат. Комиссиянын чечими боюнча телевидениеде жана баланс кармоочунун, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же тоорукту уюштуруучунун социалдык тармактарында түз эфирде аукционду онлайн-трансляциялоо камсыз кылынышы мүмкүн.
37.Тооруктун катышуучусу болуп саналбаган кайсы болбосун жак, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү аукционго катышууга укуктуу.
38. Аукциондун жыйынтыгы боюнча протокол түзүлөт, анда төмөнкүдөй маалыматтар каралат:
1) лоттун номери жана жер участогунун маалыматтары;
2) жеңүүчүнүн фамилиясы, аты жана атасынын аты же аталышы;
3) аукциондун башка катышуучуларынын фамилиясы, аты жана атасынын аты же аталышы;
4) лоттун баштапкы жана акыркы наркы;
5) сатып алуу-сатуу келишимине кол коюу боюнча тараптардын милдеттенмелери;
6) сатып алуу наркын төлөө үчүн эсептешүү эсебинин номери жана башка реквизиттери.
5. Өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгы боюнча документтерди тариздөө тартиби
39. Кагаз форматында өткөрүлгөн аукционду жеңген жак аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюуга тийиш. Жеңүүчү протоколго кол коюудан баш тарткан учурда ал өзү киргизген кепилдик төгүмдөн ажырайт, тооруктун жеңүүчүсүнүн укугунан жана бул лот боюнча кайрадан тоорукка катышуу укугунан ажырайт.
40. Тооруктун жеңүүчүсү протоколго кол коюудан баш тарткан учурда комиссия лотту кайрадан тоорукка коюу жөнүндө чечим кабыл алат.
41. Аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде баланс кармоочу аукциондун жеңүүчүсү менен формага ылайык жер участогун сатып алуу-сатуу келишимин түзөт (ушул Тартиптин 1-тиркемеси).
42. Жер участогун сатып алуу наркын төлөө тооруктун жыйынтыгы жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде сатып алуучу тарабынан жүргүзүлөт.
Сатып алуу-сатуу келишими тиешелүү лоттун сатып алуу наркы төлөнгөндөн кийин түзүлөт.
43. Жер участогун сатып алуу-сатуу келишими төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) баланс кармоочу жана сатып алуучу жөнүндө маалыматтарды;
2) жер участогу жөнүндө маалыматтарды;
3) жер участогунун сатып алуу наркын, сатып алуу наркын төлөөнүн формасын жана суммасын;
4) жер участогун өздөштүрүү боюнча милдеттенмелерди, анын ичинде курулуш ниеттерин жүзөгө ашыруунун шарттарын жана мөөнөттөрүн, жер участогунун максаттуу багытын;
5) сатып алуучунун келишимдик милдеттенмелерин аткаруусуна мониторинг жүргүзүү тартибин;
6) тараптардын келишимдик милдеттенмелерин аткарбоосунун же талаптагыдай аткарбоосунун кесепеттерин;
7) айыптык санкцияларды;
8) келишим боюнча талаш-тартыштарды чечүү тартибин;
9) келишимди бузуу тартибин;
10) мындай келишимдин тараптары өз ара макулдашуу боюнча белгилеген башка шарттарды.
44. Сатып алуу-сатуу келишими жергиликтүү каттоо органында мамлекеттик катталууга тийиш.
45. Жер участогуна менчик укугу жер участогун сатып алуу наркы толук төлөнгөндөн, жергиликтүү каттоо органында катталгандан кийин сатып алуучуга өтөт.
6. Жер участокторуна укуктарды чет өлкөлүк жактарга берүүнүн өзгөчөлүктөрү
46. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 1-статьясынын 10 жана 11-пункттарында белгиленген чет өлкөлүк жактардын аныктамасына туура келген, аукционду жеңген жактарга жер участоктору Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5-статьясында каралган чектөөлөрдү эске алуу менен 49 жылга чейинки мөөнөткө мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу шарттарында берилет.
47. Чет өлкөлүк жак калктуу конуштардан тышкары жер участогу коюлган аукциондун жеңүүчүсү деп таанылган учурда, айыл чарба жерлерин жана жер казынасын пайдалануу үчүн берилүүчү жерлерди кошпогондо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жер участогун 49 жылга чейинки мөөнөткө убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берүү жөнүндө чечиминин долбоорун демилгелейт.
48. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жер участогун чет өлкөлүк жакка 49 жылга чейинки мөөнөткө убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берүү жөнүндө чечиминин негизинде баланс кармоочу бул чет өлкөлүк жак менен жер участогун акы төлөнүүчү негизинде мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө формага ылайык (ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык) келишим түзөт.
Аталган келишимде чет өлкөлүк жактын жерди пайдалануу өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ушул Тартиптин 43-пунктунда көрсөтүлгөн шарттар камтылууга тийиш.
7. Корутунду жоболор
49. Комиссиянын чечимдерине административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.
50. Баланс кармоочу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан сатып алуунун келишимдин шарттарын аткаруусуна жана жер участогун максаттуу пайдалануусуна талаптагыдай контроль жүргүзөт.
51. Жер участогун өздөштүрүүнүн белгиленген мөөнөттөрү бузулган, максатсыз пайдаланылган же болбосо инвестициялык милдеттенмелер аткарылбаган учурда келишимдин шарттарына ылайык айыптык санкциялар колдонулат.
52. Сатып алуучу аныкталган тартип бузууларды 30 календардык күндүн ичинде четтетпеген учурда, баланс кармоочу сатып алуу-сатуу келишимин бузуу жана сатып алуучу тарабынан мамлекет тарткан чыгымдардын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу менен жер участогун мамлекеттин менчигине кайтарып берүү талабы менен сотко кайрылат.
53. Сатып алуу-сатуу келишиминин же жер участогун акы төлөнүүчү негизде мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө келишимдин шарттары бузулган учурда келишим бир тараптуу тартипте бузулушу мүмкүн, ал эми мамлекеттик менчиктин ээликтен ажыратылган жер участогу мамлекеттик менчикке кайтарылууга тийиш.
|
| Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ээликтен ажыратуу тартибине 1-тиркеме |
Аукционго катышууга ТИПТҮҮ ӨТҮНМӨ
Өтүнмө ээси:
Жеке жактар үчүн
Мен,
__________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________ (фамилиясы, аты, атасынын аты)
__________________________________________________________________________________ (ким экендигин ырастоочу документ: түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген)

____________________________________________________________ дареги боюнча жашаган: (шаар, айыл, көчө, үйдүн жана/же батирдин №)
__________________________________________________________________________________ (жеке ишкерлер үчүн: ишкердик иш менен алектенген жеке жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн же патенттин реквизиттери)
Юридикалык жактар үчүн
Мен,
_________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________ (фамилиясы, аты, атасынын аты)
_________________________________________________________________________________ (ким экендигин ырастоочу документ: түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген)

_______________________________________________________________ атынан чыгуу менен (юридикалык жактын толук аталышы, жайгашкан жери жана банктык реквизиттери)
____________________________________________________________________ ишеним каттын (ишеним каттын реквизиттери)
негизинде иш алып баруу менен,
_________________________________________________________________________________ (аукцион өткөрүлүүчү жер жана убакыт)
өтүүчү аукционго катышуу ниетим жөнүндө билдирем (билдиребиз).
Бул ниетке ылайык биз (мен) ___________________ сом өлчөмүндө кепилдик төгүмүн төлөдүк. Аукциондун тооруктарында жеңген учурда төмөнкүлөргө милдеттенем:
- аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюуга;
- аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протокол бекитилгенден кийин 10 календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө сатып алуу-сатуу келишимине/жер участогун акы төлөнүүчү негизде мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө келишимге кол коюуга;
- сатып алуу-сатуу келишиминде/жер участогун акы төлөнүүчү негизде мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө келишимде аныкталган мөөнөттөрдө аукциондо сатып алынган мүлктүн наркын Баланс кармоочуга төлөөгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон төлөмдөрдү Баланс кармоочуга төлөөгө.
Мен тооруктардын жеңүүчүсү деп таанылсам жана андан кийин аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартсам же сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдөн баш тартсам, төлөнгөн кепилдик төгүмүнүн суммасы кайтарылбай тургандыгына жана анын Баланс кармоочуда калышына макулмун.
Сатып алуу-сатуу келишимине/жер участогун акы төлөнүүчү негизде мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө келишимге кол коюлганга чейин ушул өтүнмө аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протокол менен бирге Баланс кармоочунун жана сатып алуучунун/пайдалануучунун ортосундагы келишимдин күчүнө ээ.
Ушул өтүнмөгө төмөнкүлөр тиркелет:
Юридикалык жак үчүн:
- юридикалык жактын атынан чыгууга укук берүүчү ишеним кат;
- уюштуруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
- өтүнмө берүү датасына карата абал боюнча талапкердин бардык деңгээлдеги бюджеттерге салыктык төлөмдөр боюнча карызы жок экендигин ырастаган салык органынын маалымкаты;
- өтүнмө берүү датасына карата абал боюнча талапкердин камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок экендигин ырастаган Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маалымкаты;
- кепилдик төгүмүнүн төлөнгөндүгүн ырастаган төлөм документинин көчүрмөсү.
Жеке жак үчүн кепилдик төгүмүнүн төлөнгөндүгүн ырастаган төлөм документинин көчүрмөсү.
Паспорт өтүнмө берүүдө талапкердин жеке өзү тарабынан көрсөтүлөт.
Өтүнмө ээсинин (ыйгарым укуктуу адамдын) колу жана аты-жөнү:
____________________________/ ___________________________________________________
Дата 20___-ж. "____" _________________
Кабыл алынды
________________________________________________________________________________ (баланс кармоочу тарабынан толтурулат)
|
| Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ээликтен ажыратуу тартибине 2-тиркеме |
Инвестициялык долбоорду жана (же) мамлекеттик маанидеги долбоорду ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик жер участогун сатып алуу-сатуу ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ
__________________ шаары (поселогу, айылы) 20___-жылдын "___" _______________ №_______
Биз, төмөндө кол койгондор, __________________________________________________________
__________________________________________________________________________________ (мамлекеттик жер пайдалануучу)
__________________________________________________________________________________ (жетекчинин же башка ыйгарым укуктуу адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты (эгер бар болсо))
________________________________________________________________________ негизинде
иш алып баруучу, мындан ары "Баланс кармоочу" деп аталуучу, бир тараптан жана
__________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________ атынан (Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жер участогуна менчик укугун берүүгө жол берилген юридикалык жактар үчүн - аталышы, жеке жактар үчүн - фамилиясы, аты, атасынын аты (эгер бар болсо))
__________________________________________________________________________________ (юридикалык жактар үчүн - жетекчинин же башка ыйгарым укуктуу адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты (эгер бар болсо))
_________________________________________________________________ негизинде иш алып
баруучу, мындан ары "Сатып алуучу" деп аталуучу, экинчи тараптан, мындан ары өз-өзүнчө "Тарап"
же чогуу "Тараптар" деп аталуучу, _______ 20-жылдын "___" № _______ № ________ жер участогун
сатуу боюнча аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго ылайык төмөнкүлөр жөнүндө ушул
келишимди (мындан ары - Келишим) түзүштү:
1. Келишимдин предмети
1. 20___-жылдын "___" _________ № ______ жер участогун сатуу боюнча аукциондун жыйынтыгы
жөнүндө протоколдун негизинде Баланс кармоочу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
атынан сатат, ал эми Сатып алуучу ушул Келишимде аныкталган шарттарда жер участогуна жеке
менчик укугун сатып алат.
2. Жер участогунун жайгашкан жери жана анын маалыматтары:
1) дареги: _________________________________________________________________________,
2) кадастрдык номери: ______________________________________________________________,
3) аянты: _________ гектар,
4) максаттуу багыты: _______________________________________________________________,
5) пайдаланууда чектөөлөр жана оордотуулар: __________________________________________,
3. Жер участогунда кыймылсыз мүлк объекттери (имараттар, курулмалар) ___________ (бар/жок).
2. Жер участогунун баасы
4. Жер участогун сатуу боюнча аукциондун жыйынтыгына ылайык жер участогун сатуу баасы, анын ичинде кепилдик төгүмүнүн суммасы ___________ сом, ______________ сомду (мындан ары - Баа) түзөт.
5. Сатып алуучу тооруктун жыйынтыгы жарыяланган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде Баланс кармоочу тарабынан берилген реквизиттер боюнча ушул Келишимдин 4-пунктуна ылайык суммадагы акча каражаттарын которот.
3. Жер участогун өткөрүп берүү
6. Жер участогун Баланста кармоочудан Сатып алуучуга өткөрүп берүү жер участогун кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча таризделет.
7. Тараптар жер участогун кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол койгон күндөн тартып мындай кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп калат.
4. Тараптардын укуктары жана милдеттери
8. Сатып алуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) инвестициялык долбоорду жана (же) мамлекеттик маанидеги долбоорду ишке ашыруунун алкагында жерди жер участогунун максаттуу багытынан келип чыгуучу максаттарда пайдалануу менен анда өз алдынча чарба жүргүзүүгө;
2) белгиленген архитектуралык-пландоо, курулуштук, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен жерлерди зоналаштырууну эске алуу менен жер участогунун максаттуу багытына ылайык менчик укугунда турак жайлык, өндүрүштүк, тиричиликтик жана башка курулуштарды жана курулмаларды курууга.
9. Сатып алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Келишимдин 2-бөлүмүндө каралган жер участогунун Баасын ушул Келишимде белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте толук төлөөгө;
2) Баланс кармоочуга _____ календардык күндүн ичинде жер участогунун наркы төлөнгөндүгү жөнүндө же болбосо ушул Келишимдин 2-бөлүмүндө белгиленген мөөнөттө жер участогунун наркын төлөө бөлүгүндө келишимдик милдеттенмелерди аткаруу мүмкүн болбогон учурда жазуу жүзүндө кабарлоо менен билдирүүгө;
3) жер участогун анын ушул Келишимде каралган тартипте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык максаттуу багытына ылайык пайдаланууга;
4) Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын сактоого;
5) зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте сервитуттарды берүүнү камсыз кылууга;
6) башка менчик ээлеринин жана жер пайдалануучулардын укуктарын бузбоого;
7) жер участогун улуттук инвестициялык долбоорду жана (же) мамлекеттик маанидеги долбоорду уюштурууга (өнүктүрүүгө) байланышкан чарбалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн белгиленген уруксат берилген пайдалануу түрүнө ылайык пайдаланууга;
8) жер участогунда чарбалык жана башка иш жүргүзүүдө курулуштук, экологиялык, санитардык-гигиеналык жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоого;
9) жер участогуна менчик укугунун өтүшүн мамлекеттик каттоону, ошондой эле буга байланыштуу нотариалдык аракеттерди өзүнүн эсебинен камсыз кылууга;
10) жер участогуна болгон өзүнүн укуктарынын бардык пайда болгон оорчулуктары жана чектөөлөрү жөнүндө Баланс кармоочуга билдирүүгө;
11) ушул Келишимдин шарттарынын жана жер участогун пайдалануунун белгиленген тартибинин талаптагыдай аткарылышын контролдоо үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө, ошондой эле макулдашылган жумуш саатында алардын өкүлдөрүнүн жер участогунда кирүүсүн жана өтүүсүн камсыз кылууга;
10. Баланс кармоочу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул Келишимге ылайык жер участогунун наркын өз убагында төлөө бөлүгүндө шарттардын аткарылышын контролдоого;
2) улуттук инвестициялык долбоорду жана (же) мамлекеттик маанидеги долбоорду ишке ашыруунун алкагында жер участогунун максаттуу багыты боюнча пайдаланылышын контролдоого;
3) жер участогун өздөштүрүүнүн белгиленген мөөнөттөрү бузулган, максатсыз пайдаланылган же инвестициялык милдеттенмелер аткарылбаган учурда Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана Келишимдин шарттарына ылайык Сатып алуучуга карата айыптык санкцияларды колдонууга;
4) Сатып алуучу ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин жана инвестициялык долбоордун жана (же) мамлекеттик маанидеги долбоордун шарттарын аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда Келишимди бир тараптуу бузууга.
11. Баланс кармоочу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Келишимдин шарттарына ылайык Сатып алуучуга жер участогун өткөрүп берүүгө;
2) жер участогуна болгон укуктардын бардык оорчулуктары жана чектөөлөрү жөнүндө Сатып алуучуга билдирүүгө.
5. Келишимге өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү тартиби, ошондой эле аны бузуу тартиби
12. Тараптардын макулдашуусу боюнча ушул Келишимге киргизилүүчү бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Келишимдин жоболоруна каршы келбөөгө тийиш, кошумча макулдашуу түрүндө таризделет, Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан кол коюлат жана мыйзамдарда белгиленген тартипте таризделет.
13. Ушул Келишим төмөнкүдөй учурда бузулушу мүмкүн:
1) Сатып алуучу ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин, ошондой эле инвестициялык долбоордун жана (же) мамлекеттик маанидеги долбоордун шарттарын аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда Баланс кармоочунун талабы боюнча бир тараптуу тартипте;
2) Тараптардын өз ара макулдугу боюнча;
3) Тараптар Келишимдин олуттуу шарттарын бузганда соттун чечими боюнча.
14. Ушул Келишимди бузууга же өзгөртүүгө байланышкан кабарлоолор кабарлоо менен заказдык каттар аркылуу жөнөтүлөт же Тараптын ыйгарым укуктуу өкүлүнө тапшырылгандыгы жөнүндө кол койдуруу менен тапшырылат.
6. Келишимдин өзгөчө шарттары
15. Сатып алуучунун жер участогунда менчик укугу төмөнкү шарттар аткарылгандан кийин пайда болот:
1) жер участогунун наркын толук төлөө;
2) ушул Келишимди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте каттоо.
Мында улуттук инвестициялык долбоорго жана (же) мамлекеттик маанидеги долбоорго ылайык жер участогунда кыймылсыз мүлк курууну кошкондо, бирок муну менен чектелбестен, Сатып алуучу ушул Келишимге ылайык алган милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда жер участогу мамлекеттин менчигине кайтарылышы мүмкүн.
16. Курулуштун аякташы ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилген эксплуатациялоо киргизүү актысы же Тараптар макулдашкан башка документтер менен ырасталат.
17. Сатып алуучу курулушту ________ чейинки мөөнөттө аяктоого милдеттенет. Бул мөөнөт бузулган учурда Тараптар ушул Келишимдин шарттарын кайра карап чыгууга же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зыяндын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу менен ушул Келишимди бузууга укуктуу.
18. Ушул Келишимде көрсөтүлгөн жер участогун пайдалануунун уруксат берилген түрүн, жердин категориясын өзгөртүү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
19. Тарап экинчи Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү жактарга өз укуктарын өткөрүп берүүгө же ушул Келишим боюнча милдеттенмелерин которууга укуксуз.
20. Тараптар өзүнүн юридикалык, төлөм реквизиттеринин жана ушул Келишимдин аткарылышына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон башка маалыматтардын бардык өзгөрүүлөрү жөнүндө ________________ мөөнөттө бири-бирине кабарлашат. Бул шарт бузулган учурда Тарапка мурдагы дареги боюнча билдирүү жөнөтүү же мурда берилген төлөм реквизиттери боюнча төлөмдү жүзөгө ашыруу ушул Келишимге ылайык талаптагыдай аткарылды деп эсептелет.
21. Ушул Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон 3 нускада түзүлдү, ар бир Тарап үчүн бирден жана түзүлгөн учурдан тартып 30 (отуз) күндөн кечиктирбестен жер участогуна менчик укугун мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик бийлик органы үчүн бир нуска.
22. Ушул Келишимге киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор, эгерде алар жазуу жүзүндө түзүлсө жана Тараптар же Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан кол коюлса, жарактуу. Сатып алуучуга жер участогуна менчик укугунун өтүшү мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып ушул Келишимге киргизилген кандай болбосун өзгөртүүлөр да мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
7. Тараптардын жоопкерчилиги
23. Тараптар ушул Келишимдин шарттарын аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле ушул Келишимдин жоболоруна ылайык жоопкерчилик тартат.
24. Сатып алуучу тарабынан ушул Келишимдин шарттары бузулгандыгы үчүн Сатып алуучу Баланс кармоочуга Сатып алуучунун күнөөсү боюнча келип чыккан көрсөтүлгөн бузуулар менен келтирилген зыяндардын ордун толтурат.
25. Ушул Келишимдин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн Бааны төлөө мөөнөтү бузулгандыгы үчүн Сатып алуучу мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн ушул Келишимдин баасынын суммасынан 0,1% (нөл бүтүн ондон бир пайыз), бирок ушул Келишимдин суммасынын 10%дан (он пайыз) ашык эмес өлчөмдө бышмана (туум) төлөйт.
26. Жер участогун өздөштүрүүнүн белгиленген мөөнөттөрү бузулган, максатсыз пайдаланылган же инвестициялык милдеттенмелер аткарылбаган учурда Сатып алуучу ушул Келишимдин баасынын суммасынан 10% (он пайыз) өлчөмдө бышмана (айып пул) төлөйт. Айып пул ушул Келишимдин 7-бөлүмүндө каралган бышмана эсептелгенине карабастан төлөнөт.
27. Бышмана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Баланс кармоочунун бюджетине которулат.
28. Бышмананы төлөө Сатып алуучуну ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт.
29. Сатып алуучунун ушул Келишим боюнча өз милдеттерин бузуусунун натыйжасында ушул Келишимди бузуу Сатып алуучуну ушул Келишимдин 7-бөлүмүндө белгиленген бышмананы төлөөдөн бошотпойт.
30. Тараптардын ушул Келишимде каралбаган жоопкерчилик чаралары Кыргыз Республикасынын жарандык жана жер мыйзамдарынын ченемдерине ылайык колдонулат.
8. Талаш-тартыштарды кароонун тартиби
31. Ушул Келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана колдонулат. Ушул Келишимге байланышкан бардык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулууга тийиш.
32. Ушул Келишим боюнча же аны колдонууга байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон бардык пикир келишпестиктер же дооматтар Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
33. Ушул Келишимден келип чыгуучу, сүйлөшүүлөр жолу менен чечилбеген бардык пикир келишпестиктер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилет.
9. Ал жеткис күчтүн жагдайлары
34. Эгерде талаптагыдай аткаруу ал жеткис күчтүн жагдайларынын, анын ичинде табигый кырсыктардын, согуштук аракеттердин, иш таштоолордун, элдик толкундоолордун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын укуктук актыларында каралган тыюу салуучу чараларынын кесепетинен мүмкүн болбосо, эгерде бул жагдайлар Тараптардын ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткаруусуна түздөн-түз таасирин тийгизсе, Тараптар ушул Келишим боюнча милдеттенмелерин жарым-жартылай же толук аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.
35. Ал жеткис күчтүн жагдайларынын кесепетинен ушул Келишим боюнча милдеттенмелерин аткаруу мүмкүн болбогон Тарап, алар келип чыккан учурдан тартып ______ күндөн кечиктирбеген мөөнөттө бул жөнүндө экинчи Тарапка жазуу жүзүндө кабарлоого жана тиешелүү далилдерди берүүгө милдеттүү.
36. Ушул Келишимдин 9-бөлүмүндө көрсөтүлгөн жагдайлар Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдары тарабынан ырасталууга тийиш.
37. Талаптагыдай эмес кабарлоо Тарапты жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлардын кайсынысына болбосун ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотуучу негиз катары таянуу укугунан ажыратат.
38. Ал жеткис күчтүн жагдайлары токтогондон кийин Тараптар ушул Келишим боюнча милдеттенмелерин аткарууну токтоосуз кайра жандандырат.
10. Корутунду жоболор
39. Ушул Келишим Тараптар кол койгон жана мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып күчүнө кирет.
40. Ушул Келишим төмөнкүдөй учурда өзүнүн колдонулушун токтотот:
1) ушул Келишимдин 5-бөлүмүнө ылайык Келишим бузулган учурда;
2) Сатып алуучу жер участогун кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюлгандан кийин ________________ ичинде инвестициялык долбоорду жана (же) мамлекеттик маанидеги долбоорду ишке ашырбаган учурда, жер участогун компенсациясыз мамлекеттин менчигине кайтарып берүү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан зыяндын ордун толтуруу менен.
41. Ушул Келишимге кол койгон адамдар уюштуруу документтери жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча ушул Келишимге кол коюу үчүн бардык зарыл ыйгарым укуктарга ээ экендигин ырастайт.
42. Ушул Келишимде жөнгө салынбаган бардык башка маселелер боюнча Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин жетекчиликке алат.
43. Ушул Келишимдин бардык тиркемелери анын курамдык жана ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
44. Ушул Келишимде өз ара макулдашуу боюнча Тараптар белгилеген башка шарттар каралышы мүмкүн.
11. Тараптардын юридикалык даректери жана реквизиттери
Баланс кармоочу: |
| Сатып алуучу: |
_________ "________" Дареги: ____________________________ Тел.: ______________________________ ИСН: _____________________________ ОКПО коду: ________________________ Банк: _____________________________ А/э.: ______________________________ БИК: ______________________________ E-mail: ____________________________ |
| _________ "________" Дареги: ____________________________ Тел.: ______________________________ ИСН: _____________________________ ОКПО коду: ________________________ Банк: _____________________________ А/э.: ______________________________ БИК: ______________________________ E-mail: ____________________________ |
____________________/ _____________ М.О. |
| _____________________/ ____________ М.О. |
|
| Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ээликтен ажыратуу тартибине 3-тиркеме |
Улуттук инвестициялык долбоорду жана (же) мамлекеттик маанидеги долбоорду ишке ашыруунун алкагында жер участогун акы төлөнүүчү негизде мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө ТИПТҮҮ КЕЛИШИМ
_______________________ шаары (поселогу, айылы) 20____-жылдын "___" __________ № _____
Биз, төмөндө кол койгондор, __________________________________________________________
__________________________________________________________________________________ (мамлекеттик жерди пайдалануучу)
___________________________________________________________________________ атынан (жетекчинин же башка ыйгарым укуктуу адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо))
_________________________________________________________________ негизинде иш алып
барган, мындан ары "Баланс кармоочу" деп аталуучу бир тараптан, жана
_________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________
(Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жер участогуна менчик укугун берүүгө жол берилген юридикалык жактар үчүн - аталышы, жеке жактар үчүн - фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо))
__________________________________________________________________________ атынан
(юридикалык жактар үчүн - жетекчинин же башка ыйгарым укуктуу адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо)
________________________________________________________________ негизинде иш алып
барган, мындан ары "Пайдалануучу" деп аталуучу экинчи тараптан, мындан ары өз-өзүнчө "Тарап"
же чогуу "Тараптар" деп аталып, 20____-жылдын "___" _________ № ____ аукциондун жыйынтыгы
жөнүндө протоколго ылайык төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди (мындан ары - Келишим) түздүк:
1. Келишимдин предмети
1. 20____-жылдын "____" ____________ № ______ аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун негизинде Баланс кармоочу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан
Пайдалануучуга ушул бөлүмдүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн, мамлекеттик менчикте турган жер
участогун акыга улуттук инвестициялык долбоорду жана (же) мамлекеттик маанидеги долбоорду
ишке ашыруу максатында 49 (кырк тогуз) жылга чейинки мөөнөткө бир жолку төлөм менен акы
төлөп пайдаланууга берет.
2. Жер участогунун жайгашкан жери жана анын маалыматтары:
1) дареги: _________________________________________________________________________,
2) кадастрдык номери: ______________________________________________________________,
3) аянты: _________ гектар,
4) максаттуу багыты: _______________________________________________________________,
5) пайдаланууда чектөөлөр жана оорчулуктар: __________________________________________,
3. Жер участогунда кыймылсыз мүлк объекттери (имараттар, курулмалар)
_________________________________________________________________________________. (бар/жок)
2. Жер участогун пайдалангандыгы үчүн төлөмдүн өлчөмү
4. Аукциондун натыйжалары боюнча жер участогун акы төлөнүүчү мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануунун суммасы, анын ичинде кепилдик төгүмүнүн суммасы ____________ сом, _____________ сомду түзөт.
5. Төлөм аукциондун натыйжалары жарыяланган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде ушул Келишимдин 4-пунктуна ылайык суммада Пайдалануучу тарабынан төлөнүүгө тийиш жана ушул Келишим түзүлгөн күнгө карата Баланс кармоочу тарабынан берилген реквизиттер боюнча акча каражаттарын которуу жолу менен төлөнүүгө тийиш.
3. Жер участогун өткөрүп берүү
6. Жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга өткөрүп берүү кабыл алуу-өткөрүп берүү актынын негизинде жүзөгө ашырылат. Жер участогун кабыл алуу-өткөрүп берүү актына Тараптар кол койгон күндөн тартып, мындай кабыл алуу-өткөрүп берүү акты ушул Келишимдин ажыратылгыс бөлүгү болуп калат.
4. Тараптардын укуктары жана милдеттери
7. Пайдалануучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) улуттук инвестициялык долбоорду жана (же) мамлекеттик маанидеги долбоорду ишке ашыруунун алкагында жер участогунун максаттуу багытынан келип чыгуучу максаттарда аны пайдалануу менен жерде өз алдынча чарба жүргүзүүгө;
2) жерлерди зоналаштырууну белгиленген архитектуралык-пландоо, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо аркылуу эске алуу менен жер участогунун максаттуу багытына ылайык менчик укугунда турак жай, өндүрүштүк жана башка курулуштарды жана курулмаларды тургузууга.
8. Пайдалануучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Келишимдин 2-бөлүмүндө белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте жер участогун пайдалангандыгы үчүн төлөмдү өз убагында жана толук көлөмдө төлөөгө;
2) жыл сайын Баланс кармоочудан жер участогун пайдалангандыгы үчүн төлөмдүн өлчөмүн тактоого;
3) жер участогун анын максаттуу багытына ылайык ушул Келишимде каралган тартипте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык пайдаланууга;
4) Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын сактоого;
5) зарыл болгон учурда Баланс кармоочу менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте сервитуттарды берүүнү камсыз кылууга;
6) башка менчик ээлеринин жана жерди пайдалануучулардын укуктарын бузбоого;
7) жер участогун улуттук инвестициялык долбоорду жана (же) мамлекеттик маанидеги долбоорду уюштурууга (өнүктүрүүгө) байланышкан чарбалык ишти жүргүзүү үчүн уруксат берилген пайдалануунун белгиленген түрүнө ылайык пайдаланууга;
8) коммуналдык кызматтар менен таштандыларды жана катуу тиричилик калдыктарын чыгарууга келишим түзүүгө;
9) жер участогунда чарбалык жана башка ишти жүргүзүүдө курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоого;
10) жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укуктарын мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү, ошондой эле муну менен байланышкан нотариалдык аракеттерди өз эсебинен камсыз кылууга;
11) жер участогуна болгон өзүнүн укуктарынын бардык пайда болгон оорчулуктары жана чектөөлөрү жөнүндө Баланс кармоочуга кабарлоого;
12) ижарага алынган жер участогун жана белгиленген объектти пайдаланууга тиешелүү бөлүгүндө мамлекеттик көзөмөл жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эрежелерин жана жазма буйруктарын өз убагында аткарууга;
13) ушул Келишимдин шарттарынын жана жер участогун пайдалануунун белгиленген тартибинин талаптагыдай аткарылышын контролдоо үчүн зарыл шарттарды түзүүгө, ошондой эле макулдашылган иш сааттарында алардын өкүлдөрүнүн жер участогуна кирүүсүн жана өтүүсүн камсыз кылууга;
14) уюштуруу-укуктук формасы, аталышы, жайгашкан жери жана почта дареги (юридикалык жактар үчүн), жашаган жери боюнча каттоо дареги (жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн), банк реквизиттери өзгөргөн датадан тартып ______ календардык күндүн ичинде Баланс кармоочуга көрсөтүлгөн өзгөрүүлөр жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоого.
9. Баланс кармоочу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) улуттук инвестициялык долбоорду жана (же) мамлекеттик маанидеги долбоорду ишке ашыруунун алкагында жер участогунун максаттуу багыты боюнча пайдаланылышын контролдоого;
2) жер участогун өздөштүрүүнүн белгиленген мөөнөттөрү бузулган, максатсыз пайдаланылган же инвестициялык милдеттенмелер аткарылбаган учурда Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана ушул Келишимдин шарттарына ылайык Пайдалануучуга карата айыптык санкцияларды колдонууга;
3) Пайдалануучу ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин жана улуттук инвестициялык долбоордун жана (же) мамлекеттик маанидеги долбоордун шарттарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда ушул Келишимди бир тараптуу бузууга.
10. Баланс кармоочу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Пайдалануучуга жер участогун ушул Келишимдин шарттарына ылайык өткөрүп берүүгө;
2) Пайдалануучуга жер участогуна болгон укуктардын бардык оорчулуктары жана чектөөлөрү жөнүндө кабарлоого.
5. Өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү тартиби, ошондой эле Келишимди бузуу тартиби
11. Тараптардын макулдашуусу боюнча ушул Келишимге киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Келишимдин жоболоруна карама-каршы келбөөгө тийиш, кошумча макулдашуу түрүндө таризделет, Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан кол коюлат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте таризделет.
12. Ушул Келишим төмөнкү учурларда бузулушу мүмкүн:
1) Пайдалануучу ушул Келишим боюнча өзүнүн милдеттенмелерин, ошондой эле улуттук инвестициялык долбоордун жана (же) мамлекеттик маанидеги долбоордун шарттарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда Баланс кармоочунун талабы боюнча бир тараптуу тартипте;
2) Тараптардын өз ара макулдугу боюнча;
3) Тараптар ушул Келишимдин олуттуу шарттарын бузганда соттун чечими боюнча.
13. Ушул Келишимди бузуу же өзгөртүү менен байланышкан кабарламалар билдирүү аркылуу заказдык каттар менен жөнөтүлөт же Тараптын ыйгарым укуктуу өкүлүнө тапшырылгандыгы жөнүндө тил кат алуу менен тапшырылат.
6. Келишимдин өзгөчө шарттары
14. Пайдалануучунун жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу төмөнкү шарттар аткарылгандан кийин пайда болот:
1) жер участогун пайдалангандыгы үчүн төлөмдү төлөө;
2) ушул Келишимди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте каттоодон өткөрүү;
3) жер участогуна болгон укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди (жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугуна күбөлүк) алуу.
15. Ушул Келишимде көрсөтүлгөн жер участогун пайдаланууга уруксат берилген түрүн жер категорияларына өзгөртүү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
16. Тарап экинчи Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз өз укуктарын өткөрүп берүүгө же Келишим боюнча милдеттенмелерди үчүнчү жактарга которууга укуксуз.
17. Тараптар бири-бирине өзүнүн юридикалык, төлөм реквизиттеринин жана ушул Келишимдин аткарылышына таасир этиши мүмкүн болгон башка маалыматтардын бардык өзгөрүүлөрү жөнүндө _______________ мөөнөттө кабарлайт.
Бул шарт бузулган учурда Тарапка мурдагы дареги боюнча билдирүү жөнөтүү же мурда берилген төлөм реквизиттери боюнча төлөмдү жүзөгө ашыруу ушул Келишимге ылайык талаптагыдай түрдө аткарылды деп эсептелет.
18. Ушул Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон 3 нускада түзүлдү, ар бир Тарапка бирден нуска жана түзүлгөн учурдан тартып 30 (отуз) күндөн кечиктирбестен жер участогуна менчик укугун мамлекеттик каттоого ыйгарым укуктуу мамлекеттик бийлик органына бир нуска берилет.
19. Эгерде алар жазуу жүзүндө түзүлсө жана Тараптар же Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан кол коюлса, ушул Келишимге киргизилген бардык өзгөртүүлөр жарактуу болуп саналат. Жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып ушул Келишимге киргизилген ар түрдүү өзгөртүүлөр мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
7. Тараптардын жоопкерчилиги
20. Тараптар ушул Келишимдин шарттарын аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, ошондой эле ушул Келишимдин жоболоруна ылайык жоопкерчилик тартат.
21. Ушул Келишимдин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн акы төлөө мөөнөтүн бузгандыгы үчүн Пайдалануучу мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн ушул Келишимдин баасынын суммасынан 0,1% (нөл бүтүн ондон бир пайыз) өлчөмүндө, бирок ушул Келишимдин суммасынын 10% (он пайыз) ашпаган бышмананы (туумду) төлөйт.
22. Жер участогун өздөштүрүүнүн белгиленген мөөнөттөрү бузулган, максатсыз пайдаланылган же инвестициялык милдеттенмелер аткарылбаган учурда Сатып алуучу ушул Келишимдин баасынын суммасынан 10% (он пайыз) өлчөмүндө бышмана (айып пул) төлөйт. Айып пул ушул Келишимдин 7-бөлүмүндө каралган бышмананы эсептөөдөн көз карандысыз төлөнөт.
23. Бышмана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Баланс кармоочунун бюджетине которулат.
24. Бышмананы төлөө Пайдалануучуну ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт.
25. Пайдалануучунун ушул Келишим боюнча өз милдеттерин бузуусунун натыйжасында ушул Келишимдин бузулушу Пайдалануучуну туумду төлөөдөн бошотпойт.
26. Түздөн-түз жана жашыруун түрдө ушул Келишимдин талаптарын жана шарттарын бузган бүтүмдөр жараксыз болуп саналат, ал эми аларды жасоодо күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат.
27. Ушул Келишимде каралбаган Тараптардын жоопкерчилик чаралары Кыргыз Республикасынын жарандык жана жер мыйзамдарынын ченемдерине ылайык колдонулат.
8. Талаш-тартыштарды кароо тартиби
28. Келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана колдонулат. Ушул Келишимге байланышкан бардык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулууга тийиш.
29. Ушул Келишим боюнча же аны колдонууга байланышкан, келип чыгышы мүмкүн болгон бардык пикир келишпестиктер же дооматтар Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
30. Ушул Келишимден келип чыгуучу, сүйлөшүүлөр аркылуу чечилбеген бардык пикир келишпестиктер сот тартибинде чечилет же Тараптардын макулдашуусу боюнча Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык медиация тартибинде каралат.
9. Күч жеткис жагдайлар
31. Эгерде талаптагыдай аткаруу күч жеткис жагдайлардын, анын ичинде табигый кырсыктардын, согуштук иш-аракеттердин, иш таштоолордун, элдик толкундоолордун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын укуктук актыларында каралган тыюу салуучу чаралардын натыйжасында мүмкүн болбосо, эгерде бул жагдайлар Тараптардын ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткаруусуна түздөн-түз таасирин тийгизсе, Тараптар ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди жарым-жартылай же толук аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.
32. Күч жеткис жагдайлардын натыйжасында ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруусу мүмкүн болбогон Тарап, алар пайда болгон учурдан тартып ______ күндөн кеч эмес мөөнөттө бул жөнүндө экинчи Тарапка жазуу жүзүндө кабарлоого жана тиешелүү далилдерди берүүгө милдеттүү.
33. Ушул Келишимдин 9-бөлүмүндө көрсөтүлгөн жагдайлар Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдары тарабынан ырасталууга тийиш.
34. Талаптагыдай эмес кабарлоо Тарапты жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлардын кайсынысына болбосун ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотуучу негиз катары таянуу укугунан ажыратат.
35. Күч жеткис жагдайлар токтогондон кийин Тараптар ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууну токтоосуз кайра баштайт.
10. Корутунду жоболор
36. Ушул Келишим Тараптар ага кол койгон жана мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып күчүнө кирет.
37. Ушул Келишимди колдонуу төмөнкү учурларда токтотулат:
1) эгерде бул убакыттын ичинде ушул Келишим узартылбаса, ушул Келишимди колдонуу мөөнөтүнүн акыркы күнү өткөндө;
2) Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Келишим бузулган учурда;
3) жарандык мыйзамдарда жана ушул Келишимде белгиленген ушул Келишим мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда.
38. Ушул Келишимге кол койгон адамдар уюштуруу документтери жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча ушул Келишимге кол коюу үчүн бардык зарыл болгон ыйгарым укуктарга ээ экендигин ырастайт.
39. Ушул Келишимде жөнгө салынбаган бардык башка учурларда Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин жетекчиликке алат.
40. Ушул Келишимдин бардык тиркемелери анын курамдык жана ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
41. Ушул Келишим Тараптардын өз ара макулдугу боюнча белгиленген башка шарттарды да карашы мүмкүн.
11. Тараптардын юридикалык даректери жана реквизиттери
Баланс кармоочу: |
| Пайдалануучу: |
"__________" _____________________ Дарек: ___________________________ Тел.: ____________________________ ИЖН: ___________________________ ОКПО коду: ______________________ Банк: ___________________________ Алыш-бериш эсеби: _______________ БИК: ____________________________ E-mail: __________________________ |
| "___________" ____________________ Дарек: ____________________________ Тел.: _____________________________ ИЖН: ____________________________ ОКПО коду: _______________________ Банк: ____________________________ Алыш-бериш эсеби: ________________ БИК: _____________________________ E-mail: ___________________________ |
____________________/ ___________ М.О. |
| _____________________/ ___________ М.О. |
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-июнундагы № 326 токтомуна) |
Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ээликтен ажыратуу ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ээликтен ажыратуу тартиби Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана токой жана суу фонддорунун жерлерин, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын, запастагы жерлерди, чек арага жанаша жаткан зоналарды, ошондой эле Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин жана жайыттарды кошпогондо, улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик менчикте турган жер участокторун акы төлөө менен ээликтен ажыратуу тартибин аныктайт.
2. Жер участокторуна менчик укугун берүү аукцион формасында өткөрүлгөн тооруктун жыйынтыгы боюнча жүзөгө ашырылат. Аукцион кагаз форматында же электрондук соода аянтчаларында өткөрүлөт.
3. Сатып алуу-сатуу келишимин же сатып алуучунун/пайдалануучунун жер участогун өздөштүрүү боюнча милдеттенмелерин камтыган жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга акы төлөнүүчү негизде берүү жөнүндө келишимди түзүү укугу аукциондун предмети болуп саналат.
4. Бул Тартипте терминдер жана аныктамалар төмөнкүдөй мааниде колдонулат:
1) аукцион - тооруктун формасы, мында сатып алуу-сатуу келишими же сатып алуучунун/пайдалануучунун милдеттенмелерин камтыган жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга акы төлөнүүчү негизде берүү жөнүндө келишим лот үчүн эң жогорку бааны сунуштаган жана төлөгөн жана аукциондун шарттарында аныкталган милдеттенмелерди кабыл алган аукциондун жеңүүчүсү менен түзүлөт;
2) баланс кармоочу – мамлекеттик жер участогу мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануусунда турган жер пайдалануучу же үчүнчү жактардын укуктарынан эркин болгон жер участокторун тескеген жергиликтүү мамлекеттик администрация;
3) кепилдик төгүмү - жер участогуна менчик укугун алуу максатында тоорукка катышууну каалаган талапкер тарабынан төлөнүүчү акчалай сумма;
4) комиссия - аукционду даярдоо жана өткөрүү боюнча комиссия;
5) лот - аукционго коюлуучу түзүлгөн жер участогу;
6) улуттук инвестициялык долбоор - өлкө үчүн стратегиялык жактан маанилүү болгон инвестициялык долбоор, ал төмөнкү багыттарды камтыйт:
- экспортко багытталгандык, импортту алмаштыруу, айыл чарба, энергетика, азык-түлүк коопсуздугу, өнөр жай жана кайра иштетүү, туризм, курулуш, саламаттык сактоо, фармация, соода-логистикалык чөйрө жана жашыл технологиялар;
- улуттук инвестициялык долбоорго инвестордун өзүнүн салымы долбоордун жалпы наркынын 10 пайызынан кем болбоого тийиш;
7) мамлекеттик маанидеги долбоор - бул толугу менен же жарым-жартылай мамлекеттик бюджеттен, ошондой эле салым катары мамлекеттик активдерди берүү жолу менен каржылануучу, мамлекеттик башкаруу же экономиканы өнүктүрүү чөйрөсү үчүн стратегиялык инфраструктуралык объекттерди курууга багытталган долбоор;
8) тоорукту уюштуруучу - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген, мамлекеттик менчикте турган жер участокторуна менчик укугун берүү боюнча тоорукту уюштуруу жана өткөрүү үчүн жооптуу мамлекеттик орган;
9) баштапкы нарк - аукциондо баштапкы катары белгиленген лоттун баасы;
10) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - улуттук инвестициялык долбоорду же мамлекеттик маанидеги долбоорду ишке ашыруу белгиленген тартипте бекитилген мамлекеттик орган;
11) аукциондун кадамы - тооруктун жүрүшүндө баштапкы наркы жогорулатылуучу үстөк жана аукционист жарыялаган (аукционду кагаз форматында өткөрүүдө) же электрондук соода аянтчасы (аукционду электрондук форматта өткөрүүдө) тарабынан түзүлүүчү ар бир кийинки нарк.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Лотторду түзүү жана аукционго даярдоо
5. Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ээликтен ажыратуу боюнча аукционду өткөрүүнүн демилгечиси болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
6. Жер участокторунун баланс кармоочусу жана/же ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аукционго коюу үчүн лотторду түзүүнү жүзөгө ашырат жана жер участокторунун рыноктук наркын көз карандысыз баалоону жүргүзүүнү камсыз кылат.
7. Лот төмөнкү документтер болгондо түзүлдү деп эсептелет:
1) жер участогуна укук белгилөөчү документ;
2) жер участогунун планы;
3) эгерде улуттук инвестициялык долбоорду же мамлекеттик маанидеги долбоорду ишке ашыруу тооруктун предметине карата инвестор тарабынан милдеттенмелердин аткарылышын болжолдосо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан макулдашылган жер участогун өздөштүрүү боюнча шарттардын тизмеги, анын ичинде курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун шарттары жана мөөнөттөрү, жер участогунун максаттуу багыты, жер участогун сатып алуучуга талаптар, зарыл учурда жер участогун кайра сатуу жана аны үчүнчү жактардын укуктары менен оорчулуктары боюнча чектөөлөр;
4) жер участогуна үчүнчү жактардын оорчулуктарынын жана чектөөлөрүнүн жоктугу жөнүндө маалымкат (сервитуттар аркылуу бекитилген укуктардан тышкары);
5) "Баалоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык көз карандысыз баалоочу же баалоочу уюм тарабынан даярдалган жер участогунун рыноктук наркын баалоо жөнүндө отчет. Жер участогунун рыноктук наркын баалоо жөнүндө отчет баланс кармоочу тарабынан берилет;
6) жер участогунун рыноктук наркын баалоонун аныктыгы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын корутундусу менен ырасталууга тийиш.
8. Лотторду түзүү боюнча чыгымдарды жер участокторунун баланс кармоочусу жана/же ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тартат.
9. Айрым улуттук инвестициялык долбоорго же ишке ашырылуусу мамлекеттин менчигинде турган жер участокторуна менчик укугун инвесторлорго акы төлөө менен берүүнү караган мамлекеттик маанидеги долбоорго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдү аныктайт:
1) ээликтен ажыратылууга тийиш болгон жер участокторунун тизмегин;
2) тооруктарды уюштуруучуну;
3) аукционду өткөрүүнүн форматын жана аукциондун шарттары бар электрондук форматы тандалган учурда электрондук соода аянтчасын;
4) комиссиянын курамын.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоору ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же баланс кармоочу тарабынан демилгеленет.
11. Тооруктарды уюштуруучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте келишимдик негизде төмөнкүлөрдү сатып алууга укуктуу:
1) электрондук соода аянттарынын ээлери жана операторлору болуп саналган жеке уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүн;
2) жеке менчик уюмдардын же аукциондорду өткөрүүгө адистешкен жеке аукциончу-жактардын кызмат көрсөтүүлөрүн.
Комиссиянын курамына баланс кармоочунун, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, тоорукту уюштуруучунун, шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органдын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын, инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын, ички иштер органдарынын, жергиликтүү бийлик органдарынын, электрондук соода аянтчасынын операторунун, ошондой эле башка кызыкдар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирет.
Комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет. Комиссиянын жеке курамы тоорукту уюштуруучу тарабынан бекитилет. Комиссиянын төрагасы болуп ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү, төраганын орун басары - баланс кармоочунун жана тоорукту уюштуруучунун өкүлдөрү эсептелет. Комиссия тоорукту уюштуруучунун өкүлдөрүнүн ичинен комиссиянын катчысын дайындайт.
Комиссиянын ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну тоорукту уюштуруучу жүзөгө ашырат.
12. Комиссия төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) аукционго киргизүү үчүн лоттордун түзүлгөндүгүн текшерүү;
2) лоттун баштапкы наркын жарыялоо;
3) аукционго катышууга арыздарды кабыл алуу датасын, ордун, башталуу жана аяктоо убактысын аныктоо;
4) аукционду өткөрүү датасын, убактысын жана ордун аныктоо;
5) аукционго катышуу үчүн талапкерлер тарабынан берилүүчү документтердин тизмегин аныктоо;
6) форма боюнча аукционго катышууга өтүнмөнүн формасын бекитүү (ушул Тартиптин 3-тиркемеси);
7) аукционго катышууга талапкерлердин кепилдик төгүмүн төлөө шарттарын жана мөөнөттөрүн аныктоо;
8) ар бир лот боюнча маалыматтык билдирүүнүн текстин бекитүү;
9) аукцион кагаз форматында өткөрүлгөн учурда:
- аукционго катышууга талапкерлерден өтүнмөлөрдү жана аларга тиркелген документтерди кабыл алуу жана каттоо;
- талапкерди аукционго киргизүү же аукционго киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
- аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү;
10) аукционду өткөрүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
11) аукционду өткөрүү датасын жана убактысын жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
12) лотту кайталап тоорукка коюу жөнүндө чечим кабыл алуу;
121) аукциондун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн келишимди бузуу, ошондой эле ушул Тартиптин 54-пунктунда каралган учурда келишимде жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте анын шарттарын өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
13) талапкерлерден жана аукциондун катышуучуларынан түшкөн даттанууларды административдик тартипте сотко чейин кароону жүзөгө ашыруу;
14) аукционду коомчулукка жарыялоону уюштуруу, аукциондордун ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу;
15) аукционду өткөрүүнүн жана жер участокторуна укуктарды берүүнүн ушул Тартипте, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жөнгө салынбаган уюштуруучулук жана техникалык маселелерин чечүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Комиссиянын жыйналыштарын лоттор боюнча зарыл болгон документтерди жана материалдарды даярдоону жана камсыз кылууну баланс кармоочу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
14. Комиссиянын чечимдери комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экисинен кем эмес кворум болгондо жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. Комиссиянын протоколуна комиссиянын төрагасы жана комиссиянын жыйналышына катышкан комиссиянын мүчөлөрү кол коёт.
3. Аукционду өткөрүү жөнүндө жалпы жоболор
15. Аукциондун катышуучулары болуп жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар саналат.
16. Лоттун баштапкы наркы көз карандысыз баалоочу (баалоо уюму) тарабынан аныкталган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген жер участогунун рыноктук наркынан төмөн болбошу керек.
17. Аукционду өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) лоттун жалпы маалыматтары жана мүнөздөмөсү;
2) жер участогу жөнүндө маалымат менен таанышуу жана аны кароо тартиби;
3) жер участогун өздөштүрүү боюнча шарттардын тизмеги, анын ичинде курулуш ниеттерин жүзөгө ашыруунун шарттары жана мөөнөттөрү, жер участогунун максаттуу багыты жана башка милдеттенмелер;
4) чет өлкөлүк жактардын аукционго катышуу өзгөчөлүктөрү;
5) аукционго катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алуунун орду, башталуу жана аяктоо датасы;
6) аукционду өткөрүү орду, датасы жана убактысы;
7) баштапкы баанын, кепилдик төгүмдүн жана аукциондун кадамынын өлчөмдөрү;
8) аукционго катышууга киргизүү үчүн талапкерлер тарабынан берилүүчү документтердин тизмеги;
9) кепилдик төгүмдү кайтаруу тартиби жана шарттары.
Берилген документтер Комиссия тарабынан келип түшкөн күндөн тартып беш календардык күндүн ичинде каралат.
18. Аукционду өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү тоорукту уюштуруучунун, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана баланс кармоочунун (бар болгондо) расмий интернет-сайтында, жалпыга маалымдоо каражаттарында аны өткөрүү датасына чейин беш күндөн кечиктирбестен жайгаштырылат.
19. Аукцион электрондук соода аянтчасынын регламенти менен белгиленген тартипте, аукционду өткөрүүнүн электрондук форматында же болбосо аукционду өткөрүүнүн кагаз форматында - ушул Тартиптин 4-бөлүмүндө каралган тартипке ылайык өткөрүлөт.
20. Аукционго катышуу үчүн талапкерлер төмөнкүдөй документтердин минималдуу тизмегин бериши керек:
1) уставдык капиталга чет өлкөлүк жарандыгынын же чет өлкөлүк катышуусунун бар экендиги жөнүндө маалыматты камтыган аукционго катышууга өтүнмө;
2) кепилдик төгүмдүн киргизилгендигин ырастаган төлөм документинин көчүрмөсү;
3) инсандыгын ырастоочу документ (өтүнмө берүүдө талапкер тарабынан жеке өзү көрсөтөт).
Юридикалык жактар кошумча төмөнкүлөрдү көрсөтөт:
- белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
- юридикалык жактын атынан чыгууга жана тиешелүү бүтүмдөрдү жасоого ыйгарым укуктуу өкүлдүн атына берилген ишеним кат.
Эгерде өтүнмө талапкердин өкүлү тарабынан берилсе, анда талапкердин атынан аракеттенүүгө укугу бар жакка берилген нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним катты берүү зарыл.
Документтер санариптик форматта же болбосо башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан мындай документтерди алуу мүмкүнчүлүгү болсо, "Түндүк" электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу берилиши мүмкүн.
Жер участогун өздөштүрүүнүн шарттарына жана улуттук инвестициялык долбоордун же мамлекеттик маанидеги долбоордун өзгөчөлүктөрүнө жараша комиссия инвестордун финансылык абалын жана долбоордун финансылык туруктуулугун, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасын тастыктоого, салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын жоктугуна байланыштуу кошумча документтерди, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин же бизнес-планды талапкерлердин берүүсү жөнүндө талапты белгилөөгө укуктуу.
21. Аукционго катышууга талапкерлер аукционго коюлуп жаткан жер участогун баланс кармоочу менен биргеликте карап чыгууга укуктуу.
22. Аукционго катышуу үчүн талапкер кепилдик төгүмдү киргизет. Кепилдик төгүмдүн өлчөмү лоттун баштапкы наркынын 10 пайызы өлчөмүндө аныкталат.
Кепилдик төгүм аукциондун жеңүүчүсүн кошпогондо, аукциондун бардык талапкерлерине жана катышуучуларына аукционду кагаз форматында өткөрүүдө же аукционду электрондук форматта өткөрүүдө протокол автоматтык түрдө генерацияланган учурдан тартып аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюлган учурдан тартып он банктык күндүн ичинде кайтарылып берилет. Аукциондун жеңүүчүсү жер участогунун сатып алуу наркын төлөөдөн баш тарткан учурда кепилдик төгүм кайра берилбейт. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аукцион өткөрүлгөнгө чейин же андан кийин мамлекеттик менчикте турган жер участогун ээликтен ажыратуудан үч жумуш күндүн ичинде баш тарткан учурда катышуучуларга же жеңүүчүгө кепилдик төгүм банктык он күндүн ичинде кайтарып берилет.
Аукциондун жеңүүчүсүнө кепилдик төгүм аукциондо сатылып алынуучу мүлктүн акысын төлөө эсебине чегерилет.
23. Аукциондун кадамы лоттун баштапкы наркынан төмөнкүдөй өлчөмдөрдө аныкталат:
1) баштапкы наркы он миллион сомго чейин - бир пайыз;
2) баштапкы наркы он миллион сомдон 100 миллион сомго чейин - 0,5% (нөл бүтүн ондон беш пайыз);
3) баштапкы наркы 100 миллиондон бир миллиард сомго чейин - 0,2% (нөл бүтүн ондон эки пайыз);
4) баштапкы наркы 1 миллиард сомдон жогору - 0,1% (нөл бүтүн ондон бир пайыз).
Аукциондун кадамы аукциондун жүрүшүндө өзгөрбөйт.
24. Талапкер төмөнкүдөй учурда комиссия тарабынан аукционго катышууга киргизилбейт:
1) маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн тизмек боюнча бардык документтер көрсөтүлбөсө, же болбосо көрсөтүлгөн документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбесе;
2) кепилдик төгүмдүн киргизилгендигин ырастаган төлөм документи жок болсо.
25. Комиссия Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же баланс кармоочунун сунушунун негизинде аукционду өткөрүүдөн каалаган убакта, бирок аны өткөрүү күнү жарыяланганга чейин үч күндөн кечиктирбестен баш тартууга укуктуу. Аукционду жокко чыгаруу жөнүндө талапкерлерге тапшырык кат аркылуу, ошондой эле тиешелүү маалыматты расмий сайтка жайгаштыруу жолу менен билдирилет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аукцион өткөрүлгөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттин менчигинде турган жер участогун ээликтен ажыратуудан да баш тарта алат.
26. Аукциондун жыйынтыктары аукционду кагаз форматында өткөрүүдө комиссия тарабынан түзүлүүчү жана бекитилүүчү аукциондун жыйынтыктары жөнүндө кагаз жүзүндөгү протоколдо же аукционду электрондук форматта өткөрүү учурунда автоматтык түрдө түзүлүүчү протоколдо чагылдырылат.
Аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протокол аукциондун жыйынтыктары боюнча сатып алуу-сатуу келишимин түзүүгө аукциондун жеңүүчүсүнүн укугун ырастаган документ болуп саналат.
27. Тооруктун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун көчүрмөсү аукциондун жеңүүчүсүнө жана анын катышуучуларына берилет.
Аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун сканерленген версиясы тоорукту уюштуруучунун, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана баланс кармоочунун (бар болгондо) расмий сайтында жайгаштырылат.
28. Аукцион төмөнкүдөй учурларда комиссия тарабынан ишке ашпай калган деп таанылат:
1) аукционго катышууга өтүнмө берилбесе;
2) бир дагы талапкер аукционго катышууга киргизилбесе;
3) аукционго катышууга бир гана талапкер киргизилсе;
4) аукционго киргизилген талапкерлердин бири да ага катышпаса;
5) аукционго катышуу үчүн бир катышуучу катталса.
29. Аукциондун жеңүүчүсү жер участогунун сатып алуу наркын төлөөдөн баш тарткан учурда же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аукцион өткөрүлгөнгө чейин же андан кийин үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттин менчигинде турган жер участогун ээликтен ажыратуудан баш тарткан учурда кепилдик төлөмдү кайтарып берүү ушул Тартиптин 22-пункту менен жөнгө салынат.
Жер участокторун аукциондордо сатуудан түшкөн каражаттар республикалык бюджетке түшөт.
4. Аукционду кагаз форматында өткөрүү
30. Комиссиянын катчысы аукцион башталар алдында аукциондун келген катышуучуларын каттоодон өткөрөт жана аларга ыйгарылган номерлери бар табличкаларды берет.
31. Аукционду комиссия тарабынан дайындалган аукционист алып барат. Аукциондо тооруктун башталышы болуп аукционист лоттун номерин, лоттун баштапкы наркын жана аукциондук кадамдын өлчөмүн жарыялаган учур эсептелет.
32. Баштапкы нарк боюнча лотту сатып алууну каалаган аукциондун катышуучусу өзүнүн табличкасынын номерин аукционистке каратып көтөрөт, лотту аталган баа боюнча сатып алууга макул экендигин ырастайт.
33. Аукциондун катышуучусунун ар бир сунушу аукционист тарабынан катышуучунун номерин жана ал сунуштаган бааны жарыялоо менен ырасталат.
34. Ар бир жаңы сунуш мурунку сунуштан бир кадамдан ашпашы керек.
35. Эгерде аукционист акыркы бааны үч жолу жарыялагандан кийин катышуучулардын кимиси тарабынан болбосун жогору баа сунушталбаса, аукционист балка менен чабуу менен бир эле убакта тооруктун предметин акыркы бааны сунуштаган сатып алуучу сатып алгандыгы жөнүндө жарыялайт. Тооруктун жүрүшүндө акыркы бааны сунуштаган аукциондун катышуучусу тооруктун жеңүүчүсү деп жарыяланат.
36. Комиссия аукционду жана өзүнүн жыйналыштарын видеого тартууну камсыз кылат. Комиссиянын чечими боюнча телевидениеде жана баланс кармоочунун, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же тоорукту уюштуруучунун социалдык тармактарында түз эфирде аукционду онлайн-трансляциялоо камсыз кылынышы мүмкүн.
37.Тооруктун катышуучусу болуп саналбаган кайсы болбосун жак, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү аукционго катышууга укуктуу.
38. Аукциондун жыйынтыгы боюнча протокол түзүлөт, анда төмөнкүдөй маалыматтар каралат:
1) лоттун номери жана жер участогунун маалыматтары;
2) жеңүүчүнүн фамилиясы, аты жана атасынын аты же аталышы;
3) аукциондун башка катышуучуларынын фамилиясы, аты жана атасынын аты же аталышы;
4) лоттун баштапкы жана акыркы наркы;
5) сатып алуу-сатуу келишимине кол коюу боюнча тараптардын милдеттенмелери;
6) сатып алуу наркын төлөө үчүн эсептешүү эсебинин номери жана башка реквизиттери.
5. Өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгы боюнча документтерди тариздөө тартиби
39. Кагаз форматында өткөрүлгөн аукционду жеңген жак аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюуга тийиш. Жеңүүчү протоколго кол коюудан баш тарткан учурда ал өзү киргизген кепилдик төгүмдөн ажырайт, тооруктун жеңүүчүсүнүн укугунан жана бул лот боюнча кайрадан тоорукка катышуу укугунан ажырайт.
40. Тооруктун жеңүүчүсү протоколго кол коюудан баш тарткан учурда комиссия лотту кайрадан тоорукка коюу жөнүндө чечим кабыл алат.
41. Аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде баланс кармоочу аукциондун жеңүүчүсү менен формага ылайык жер участогун сатып алуу-сатуу келишимин түзөт (ушул Тартиптин 1-тиркемеси).
42. Жер участогун сатып алуу наркын төлөө тооруктун жыйынтыгы жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде сатып алуучу тарабынан жүргүзүлөт.
Сатып алуу-сатуу келишими тиешелүү лоттун сатып алуу наркы төлөнгөндөн кийин түзүлөт.
43. Жер участогун сатып алуу-сатуу келишими төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) баланс кармоочу жана сатып алуучу жөнүндө маалыматтарды;
2) жер участогу жөнүндө маалыматтарды;
3) жер участогунун сатып алуу наркын, сатып алуу наркын төлөөнүн формасын жана суммасын;
4) жер участогун өздөштүрүү боюнча милдеттенмелерди, анын ичинде курулуш ниеттерин жүзөгө ашыруунун шарттарын жана мөөнөттөрүн, жер участогунун максаттуу багытын;
5) сатып алуучунун келишимдик милдеттенмелерин аткаруусуна мониторинг жүргүзүү тартибин;
6) тараптардын келишимдик милдеттенмелерин аткарбоосунун же талаптагыдай аткарбоосунун кесепеттерин;
7) айыптык санкцияларды;
8) келишим боюнча талаш-тартыштарды чечүү тартибин;
9) келишимди бузуу тартибин;
10) мындай келишимдин тараптары өз ара макулдашуу боюнча белгилеген башка шарттарды.
44. Сатып алуу-сатуу келишими жергиликтүү каттоо органында мамлекеттик катталууга тийиш.
45. Жер участогуна менчик укугу жер участогун сатып алуу наркы толук төлөнгөндөн, жергиликтүү каттоо органында катталгандан кийин сатып алуучуга өтөт.
6. Жер участокторуна укуктарды чет өлкөлүк жактарга берүүнүн өзгөчөлүктөрү
46. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 1-статьясынын 10 жана 11-пункттарында белгиленген чет өлкөлүк жактардын аныктамасына туура келген, аукционду жеңген жактарга жер участоктору Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5-статьясында каралган чектөөлөрдү эске алуу менен 49 жылга чейинки мөөнөткө мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу шарттарында берилет.
47. Чет өлкөлүк жак калктуу конуштардан тышкары жер участогу коюлган аукциондун жеңүүчүсү деп таанылган учурда, айыл чарба жерлерин жана жер казынасын пайдалануу үчүн берилүүчү жерлерди кошпогондо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жер участогун 49 жылга чейинки мөөнөткө убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берүү жөнүндө чечиминин долбоорун демилгелейт.
48. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жер участогун чет өлкөлүк жакка 49 жылга чейинки мөөнөткө убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берүү жөнүндө чечиминин негизинде баланс кармоочу бул чет өлкөлүк жак менен жер участогун акы төлөнүүчү негизинде мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө формага ылайык (ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык) келишим түзөт.
Аталган келишимде чет өлкөлүк жактын жерди пайдалануу өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ушул Тартиптин 43-пунктунда көрсөтүлгөн шарттар камтылууга тийиш.
7. Корутунду жоболор
49. Комиссиянын чечимдерине административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.
50. Баланс кармоочу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан сатып алуунун келишимдин шарттарын аткаруусуна жана жер участогун максаттуу пайдалануусуна талаптагыдай контроль жүргүзөт.
51. Жер участогун өздөштүрүүнүн белгиленген мөөнөттөрү бузулган, максатсыз пайдаланылган же болбосо инвестициялык милдеттенмелер аткарылбаган учурда келишимдин шарттарына ылайык айыптык санкциялар колдонулат.
52. Сатып алуучу аныкталган тартип бузууларды 30 календардык күндүн ичинде четтетпеген учурда, баланс кармоочу сатып алуу-сатуу келишимин бузуу жана сатып алуучу тарабынан мамлекет тарткан чыгымдардын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу менен жер участогун мамлекеттин менчигине кайтарып берүү талабы менен сотко кайрылат.
53. Сатып алуу-сатуу келишиминин же жер участогун акы төлөнүүчү негизде мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө келишимдин шарттары бузулган учурда келишим бир тараптуу тартипте бузулушу мүмкүн, ал эми мамлекеттик менчиктин ээликтен ажыратылган жер участогу мамлекеттик менчикке кайтарылууга тийиш.
54. Аукциондун жыйынтыгы боюнча берилген жер участогунда тараптардын эркинен көз каранды болбогон (табигый, инженердик-геологиялык, гидрогеологиялык, техникалык жана башка шарттар), ыйгарым укуктуу уюмдардын тиешелүү корутундулары менен ырасталган жагдайлардын кесепетинен курулуш жүргүзүү же аны өздөштүрүү мүмкүн болбогон учурда, аукциондун жеңүүчүсүнө комиссиянын чечиминин негизинде баланс кармоочу тарабынан мурда түзүлгөн келишимде каралган шарттарда бирдей маанидеги жер участогу берилиши мүмкүн.
Бирдей маанидеги жер участогу деп аянты, максаттуу багыты, шаар куруу шарттары жана инженердик камсыз болуу деңгээли боюнча салыштырмалуу болгон жер участогу таанылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ээликтен ажыратуу тартибине 1-тиркеме |
Аукционго катышууга ТИПТҮҮ ӨТҮНМӨ
Өтүнмө ээси:
Жеке жактар үчүн
Мен,
__________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________ (фамилиясы, аты, атасынын аты)
__________________________________________________________________________________ (ким экендигин ырастоочу документ: түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген)
__________________________________________________________________________________
____________________________________________________________ дареги боюнча жашаган: (шаар, айыл, көчө, үйдүн жана/же батирдин №)
__________________________________________________________________________________ (жеке ишкерлер үчүн: ишкердик иш менен алектенген жеке жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн же патенттин реквизиттери)
Юридикалык жактар үчүн
Мен,
_________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________ (фамилиясы, аты, атасынын аты)
_________________________________________________________________________________ (ким экендигин ырастоочу документ: түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген)
_________________________________________________________________________________
_______________________________________________________________ атынан чыгуу менен (юридикалык жактын толук аталышы, жайгашкан жери жана банктык реквизиттери)
____________________________________________________________________ ишеним каттын (ишеним каттын реквизиттери)
негизинде иш алып баруу менен,
_________________________________________________________________________________ (аукцион өткөрүлүүчү жер жана убакыт)
өтүүчү аукционго катышуу ниетим жөнүндө билдирем (билдиребиз).
Бул ниетке ылайык биз (мен) ___________________ сом өлчөмүндө кепилдик төгүмүн төлөдүк. Аукциондун тооруктарында жеңген учурда төмөнкүлөргө милдеттенем:
- аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюуга;
- аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протокол бекитилгенден кийин 10 календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө сатып алуу-сатуу келишимине/жер участогун акы төлөнүүчү негизде мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө келишимге кол коюуга;
- сатып алуу-сатуу келишиминде/жер участогун акы төлөнүүчү негизде мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө келишимде аныкталган мөөнөттөрдө аукциондо сатып алынган мүлктүн наркын Баланс кармоочуга төлөөгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон төлөмдөрдү Баланс кармоочуга төлөөгө.
Мен тооруктардын жеңүүчүсү деп таанылсам жана андан кийин аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартсам же сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдөн баш тартсам, төлөнгөн кепилдик төгүмүнүн суммасы кайтарылбай тургандыгына жана анын Баланс кармоочуда калышына макулмун.
Сатып алуу-сатуу келишимине/жер участогун акы төлөнүүчү негизде мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө келишимге кол коюлганга чейин ушул өтүнмө аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протокол менен бирге Баланс кармоочунун жана сатып алуучунун/пайдалануучунун ортосундагы келишимдин күчүнө ээ.
Ушул өтүнмөгө төмөнкүлөр тиркелет:
Юридикалык жак үчүн:
- юридикалык жактын атынан чыгууга укук берүүчү ишеним кат;
- уюштуруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
- өтүнмө берүү датасына карата абал боюнча талапкердин бардык деңгээлдеги бюджеттерге салыктык төлөмдөр боюнча карызы жок экендигин ырастаган салык органынын маалымкаты;
- өтүнмө берүү датасына карата абал боюнча талапкердин камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок экендигин ырастаган Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маалымкаты;
- кепилдик төгүмүнүн төлөнгөндүгүн ырастаган төлөм документинин көчүрмөсү.
Жеке жак үчүн кепилдик төгүмүнүн төлөнгөндүгүн ырастаган төлөм документинин көчүрмөсү.
Паспорт өтүнмө берүүдө талапкердин жеке өзү тарабынан көрсөтүлөт.
Өтүнмө ээсинин (ыйгарым укуктуу адамдын) колу жана аты-жөнү:
____________________________/ ___________________________________________________
Дата 20___-ж. "____" _________________
Кабыл алынды
________________________________________________________________________________ (баланс кармоочу тарабынан толтурулат)
|
| Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ээликтен ажыратуу тартибине 2-тиркеме |
Инвестициялык долбоорду жана (же) мамлекеттик маанидеги долбоорду ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик жер участогун сатып алуу-сатуу ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
__________________ шаары (поселогу, айылы) 20___-жылдын "___" _______________ №_______
Биз, төмөндө кол койгондор, __________________________________________________________
__________________________________________________________________________________ (баланс кармоочу)