Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
1-кезектеги сессиясы
2025-жылдын 30-январы № 3
“Семетей айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин
аткарылышы жөнүндө”
Семетей айыл аймагынын айылдык кеңешинин алдындагы бюджет комитетинде алдын ала талкууга алынган Семетей айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы сунуш кылынган бюджеттин аткарылышы жөнүндө жана 2025-жылга бюджетинин долбоорун карап чыгып, Семетей айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын у.м.а С.А.Шукуралиеванын баяндамасын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун (жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндөгү маалыматтын бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышы жана бюджеттен тышкары фонддордун пайдаланышы жөнүндө маалыматты угуу) жетекчиликке алып Семетей айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бюджетинин аткарылышы: киреше бөлүгү – 45038,2 атайын каражат менен кошулганда 47842,2 миң сомго анын ичинде атайын каражат (ата-энелер төлөмү) 2804,0 мин сом жана тендештирүүчү трансферт-7608,5 мин сом, максаттуу трансферт -11128,0 мин сом, баардыгы -66578,7 мин сом болсо, ал эми чыгаша бөлүгү 60302,6 мин сом, атайын каражат 2783,1мин сом жалпысы болуп 63085,7мин сом.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго, аткаруу жагы Семетей айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын у.м.а С.А.Шукуралиевага милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |