Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 9-июну № 325
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө
Калдыктарды башкаруу системасын туруктуу өнүктүрүү жана утилдештирүү жыйымдарынын финансылык каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатында, "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29, 30-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17, 26-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - "Эко Оператор" МИ) түзүлсүн.
2. "Эко Оператор" МИ өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги оператору (ӨКЖ) болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 5-2-пункт "Чоң-Алайкөмүр"," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор"," деген сөздөр менен толукталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинде:
- 17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 14-пунктча менен толукталсын:
"14) "Эко Оператор" МИнин уставын".".
5. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн "Эко Оператор" МИнин жетекчиси Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат деп белгиленсин.
6. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги:
- "Эко Оператор" МИнин уюштуруучусу катары чыксын;
- "Эко Оператор" МИнин иш тартибин аныктасын жана уюштурсун;
- Байкоочу кеңешти түзсүн жана "Эко Оператор" МИнин ишин контролдоо боюнча анын ишинин тартибин аныктасын;
- бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине "Эко Оператор" МИни мамлекеттик каттоого көмөк көрсөтсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 10-июнундагы № 42 (3698) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |