Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылыштагы кезектеги 01-сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры № 03
III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Жалпак-Таш аймактык жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынына айылдардан өкүлдөрдү көрсөтүүнү өткөрүү жана уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” ПЖ 271 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, уюштуруу комитетинин 2024-жылдын 1-октябрындагы №2 протоколунун чечими менен бекитилген нускаманы жетекчиликке алып, Кезектеги III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Жалпак-Таш айыл аймагында жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү жөнүндө маселени угуп, талкуулап чыгып, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кезектеги III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Жалпак-Таш аймактык жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйыны 2024-жылдын 07-декабрында Боз-Ала айылынын К.Калмурзаев атындагы №13 орто мектебине саат 10-00 гө чакырылсын.
2. Жалпак-Таш аймактык жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү жана уюштуруу боюнча төмөнкү курамдагы жумушчу топ бекитилсин:
-Исламидин уулу Р.– айылдык кеңештин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;
-Г.Матиева-айылдык кеңештин төрагасынын орун басары, жумушчту топтун төрагасынын орун басары.
-М.Калдыбаева айыл өкмөттүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы, жумушчу топтун катчысы;
-У.Эшиев айыл өкмөттүн башкы адиси, жумушчу топтун мүчөсү;
-А.Абдыразаков- айылдык кеңештин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү;
-С.Ташиев - айылдык кеңештин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү;
-А.Калдыбаев - айылдык кеңештин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү;
-И.Тагаева - айылдык кеңештин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү;
-Г.Абдуллаева- айылдык кеңештин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү;
-Ш.Паизов- айылдык кеңештин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү;
-С.Амираева- айылдык кеңештин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү;
-К.Мамадеминов-келишимдик негизде ВУС кызматкери, жумушчу топтун мүчөсү;
-С.Эшенкулов - айыл башчы, жумушчу топтун мүчөсү;
-Б.Жакыпбаев- айыл башчы, жумушчу топтун мүчөсү;
-А.Ташматов- айыл башчы, жумушчу топтун мүчөсү;
3. Жалпак-Таш аймактык жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынына көрсөтүлө турган өкүлдөрдүн жалпы саны 50 өкүлгө бекитилсин. Анын ичинен айылдардагы калктын санына жараша Киров айылынан -6, Алча-Башат айылынан -2, Кысык-Алма айылынан -2, Боз-Ала айылынан -4, Курбу-Таш айылынан -1, Карл-Маркс айылынан -2, Кара-Тарык айылынан -6, Түз-Бел айылынан -12, Ак-Терек айылынан-4, Үч-Каптал айылынан-11, өкүлчүлүктүү ченем белгиленсин.
4. Жалпак-Таш аймактык жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынына өкүлдөрдү көрсөтүү боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү графиги жана аны өткөрүү боюнча жооптуу депутаттар төмөнкү таблицадагыдай бекитилсин:
№ | Айылдардын аталышы | Өткөрүү күнү | Өткөрүлө турган жери | Жооптуу адамдар |
1 | Киров | 04.12.2024-ж | Кысык-Алма о/м | Г.Матиева, С.Ташиев, |
2 | Кысык-Алма | 04.12.2024-ж | А.Ташмаматов ат.б/м | Г.Матиева, С.Жолдошов |
3 | Алча-Башат | 04.12.2024-ж | “Жеңиш багынын” аянтчасы | Г.Матиева, С.Ташиев, А.Султанова |
4 | Курбу-Таш | 05.12.2024-ж | Курбу-Таш мад.үйү | И.Тагаева, Эгемберди уулу Эрнисбек, А.Аккулов |
5 | Боз-Ала | 05.12.2024-ж | К.Калмурзаев ат.о/м | И.Тагаева, Эгемберди уулу Эрнисбек, А.Аккулов |
6 | Карл Маркс | 05.12.2024-ж | А.Чиркешов ат.б/ч | И.Тагаева, Эгемберди уулу Эрнисбек, А.Аккулов |
7 | Кара-Тарык | 04.12.2024-ж | Т.Жоробеков ат.о/м | Н.Жайнакова, А.Калдыбаев, Акжол уулу Сүйүн |
8 | Түз-Бел | 04.12.2024-ж | Т.Турдубаева ат.о/м | Г.Абдуллаева, А.Абдыразаков К.Алиева, Азизбек уулу А., Э.Матмунсаев |
9 | Үч-Каптал | 05.12.2024-ж | Т.Оморкулов ат.о/м | Исламидин уулу Р, Ш.Паизов, Г.Камчыбекова, Н.Баридинова |
10 | Ак-Терек | 05.12.2024-ж | П.Жакыпов ато./м | С.Амираева, Арстанбек уулу Б. |
5. Жалпак-Таш аймактык жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү жана уюштуруу иш-чараларына материалдык, транспорт жана башка каражаттарына көмөк көрсөтүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| Исламидин уулу Р. |