Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылыштагы кезектеги 02-сессиясы
2024-жылдын 23-декабры № 07
Жалпак-Таш айыл аймагындагы Киров, Кара-Тарык, Түз-Бел жана Үч-Капчал айылына темирбетон мамыча, арык латокторун сатып алууга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо жөнүндө
Жалпак-Таш айыл аймагындагы Киров, Кара-Тарык, Түз-Бел жана Үч-Капчал айылдарына темирбетон мамыча, арык латокторун сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо максатында, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жалпак-Таш айыл аймагындагы Киров, Кара-Тарык, Түз-Бел жана Үч-Капчал айылдарына темирбетон мамыча, арык латокторун сатып алууга 2025-жылга жергиликтүү бюджеттен 425 500 (төрт жүз жыйырма беш миң беш жүз) сом акча каражаты каралсын.
2. Жалпак-Таш айыл аймагындагы Киров, Кара-Тарык, Түз-Бел жана Үч-Капчал айылдарына темирбетон мамыча, арык латокторун сатып алууга каралган акча каражаты Өзгөн өнүктүрүү фондунун эсебинен каржылануучу долбоорго өздүк салым катыры жумшалаары белгиленсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финасы-экономика жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| Исламидин уулу Р. |