Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылыштагы кезектеги 03-сессиясы
2025-жылдын 30-январы № 09
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2024-жыл ичиндеги жергиликтүү бюджетин жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышынын отчетун угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2024-жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин аткарылышын финансы, экономика, бюджет, экономика жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде, Жалпак-Таш айылыдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.2024-жыл ичиндеги Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 36661,9 миң сомго жана чыгашалары 38382,7 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2.Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жыл ичинде алып барган жана аткарган иштеринин отчету угулгандыгы белгиленсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| Исламидин уулу Р. |