Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылыштагы кезектеги 03-сессиясы
2025-жылдын 30-январы № 10
2024-жыл ичинде бюджетти аткаруу процессинде алынган кошумча кирешелер жана жүргүзүлгөн чыгымдардан үнөмдөлгөн акча каражаттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 4-август 2023-жылдагы №385 токтомуна таянып 2024-жылдын аягында жергиликтүү бюджети аткарууда кошумча кирешелерден жана үнөмдөлгөн 659,1 миң сом, бала бакчанын атайын каражаттындагы ата-энелердин төлөмүнөн 7,9 миң сом акча каражаттарын чыгаша бөлүгүнө бөлүштүрүү боюнча Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун карап чыгып, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын аягында жергиликтүү бюджети аткарууда кошумча кирешелерден түшкөн жана үнөмдөлгөн 659,1 миң сом жана бала бакчанын атайын каражаттындагы 7,9 миң сом акча каражаттары 2025-жылдагы жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн, төмөндөгү бөлүмдөрүнүн беренелерине бөлүштүрүлсүн:
1).Жергиликтүү бюджеттеги 659,1 миң сом акча каражаты:
а).турак-жай коммуналдык чарбанын 3111-беренесине +366,5 миң сом:
б).бала бакчанын 3111-беренесине +292,6 миң сом.
2).Атайын каражаттагы 7,9 миң сом акча каражаты бала бакчанын 2218-бернесине жумшалсын.
2.Жогорудагы акча каражаттарын жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүмдөрүнө бөлүштүрүү жана максатуу пайдалануу Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| Исламидин уулу Р. |