Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын IV сессиясы
ТОКТОМ
25-февраль 2025-жыл
Ж-1 зонасынын кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун тизмегине ѳзгѳртʏʏнʏ киргизʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын муниципалдык мʏлк башкармалыгынын башчысынын м.а. Т.К.Жумакадыровдун, Ж-1 зонасындагы жер тилкесин бир бѳлʏгʏн башкага которуу жѳнʏндѳгʏ, 2025-жылдын 27-январындагы, чыг:№01-12/37, катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын IV сессиясы,
токтом кылат:
1. Ж-1 зонасынын (жеке турак жай курулуш) уруксаат берилген кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине, тѳмѳнкʏ ѳзгѳртʏʏ киргизилсин: Каракол шаары, Алышпаев кѳчѳсʏ, №211 дарегинде жайгашкан, аянты 800,0 м2 жер тилкесин, Ц-2 (жергиликтʏʏ маанидеги коммерциялык ишкердʏʏлʏк жана тейлѳѳ борборлорунун зонасы) зонасына которулсун.
2. Ысык-Кѳл регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:
-жогорудагы ѳзгѳртʏʏнʏ Каракол шаарында курулуш жана жерди пайдалануу Эрежелерине киргизсин;
-токтомдо кѳрсѳтʏлгѳн объекттин максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын.
3. Г.И.Аляхунова, Каракол шаарында курулуш жана жерди пайдалануу Эрежелерин сактоону камсыз кылсын.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрага А.А. Сапарбеков